Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Эл аралык укук коргоо уюму Ооганстандын талаа командирлерин сынга алды


Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан “Хьюман райтс уотч” эл аралык укук коргоо уюму Ооганстандын талаа командирлерин “жергиликтүү элди кыйнап, өлкөдөгү кырдаалды кыйындатып жатат” деп айыптады. Уюмдун төрагасынын айтуусу боюнча, буга Ооганстандын армиясы менен полициясынын өкүлдөрүнүн элди талап-тоногон, аялдарды зордуктаган жана мыйзамсыз түрдө камакка алган фактылары негиз берет. Ушундан улам уюм АКШ, Улуу Британия, Иран,Орусия жана башка мамлекеттердин бийликтерин Ооганстандын талаа командирлерине колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG