Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Орусияда кыргыз атуулдары өлтүрүлдү


БИШКЕК. Бүгүн «Кыргыз-Инфо» агенттиги тараткан маалымат боюнча, кечээ кечинде Москва шаарындагы курулуш аянттарынын биринде убактылуу каражат табууга барышкан дагестандык жана кабардин-балкариялык атуулдар менен кыргыз атуулдарынын ортосунда мушташ чыгып, бычакташкан. Натыйжасында кабардин жигит Мухамед Вороков мушташ чыккан жерде каза болуп, бир кыргыз жараны оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Чатактын чыгышына спирт ичимдиги себеп болгон. Бүгүн Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери мындай маалыматты укпагандыгын билдиришти.
Ал эми Свердлов облусундагы Верхняя Пышма шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыргыз атуулунун сөөгү табылган. Алар дүкөндө убактылуу соода кылып жүрүшкөн. Бирөөсү ошол дүкөндүн алдында, экинчиси соода борборунан алыс эмес жерде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал кылмышка шектүү катары үч адам кармалды. Алар да Кыргызстандын атуулдары деген божомол бар. Бул тууралуу маалыматты Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын генералдык консулдугунун өкүлдөрү телефон менен кабарлашты. Азыр Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү кылмыштын чоо-жайын жеринде иликтешүүдө.

XS
SM
MD
LG