АКШ, Европа Биримдиги, БУУ, Орусия биргелешип даярдаган "Жол картасы" планы үч баскычта аткарылып, акыр аягында 2005-жылы көз карандысыз Палестин мамлекетинин түзүлүшү менен аякташы керек. План тараптарга 1-Майда тапшырылган жана анын башкы демөөрчүсү – АКШнын президенти Жорж Буш жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен "Жол картасын" аткарууга багытталган алгачкы саммитти быйыл 4-июнда Иорданияда өткөргөн эле. Андан берки окуяларга көз чаптырсак, бир катар баяндамачылардын пикиринде, азырынча "Жол картасы" планынын алгачкы этабында каралган иш чаралар жарым–жартылай гана аткарылды деп айтууга болот.
Маселен "Жол картасы" планынын алгачкы этабы Израилден палестиндердин турмуш-тиричилигин нормалдаштырып, палестин аймактарындагы гуманитардык кырдаалды оңдоону талап кылат. Бул үчүн Израил 2000-жылдын сентябрынан кийин оккупацияланган аймактардан чыгып кетиши керек. Израил учурда аскерий чараларын басаңдатып, террорчулукта шектелген палестиндерди бутага алып жок кылууга, камоого багытталган чабуулдарын токтотту. Ал эми аскерлерин Газа секторунун бир бөлүгү менен Вифлеем шаарынан гана алып кетти. Иордандын Батыш жээгиндеги палестин шаарларынын калган алтоосунда жөөт аскерлери калууда. Алардын экөөсүнөн жакын арада кетүүнү убада кылган. Палестин аймактарындагы көзөмөл бекеттеринин айрымдарын алып салды, бирок бир канчасы азырынча сакталып турат. "Жол картасы" планына ылайык, Израил палестин аймактарындагы 100дөн жөөт маалаларын да түгөл жоюшу керек. Алардын да бир канчасы бузулду, бир тобу өз орундарында кала берүүдө.
Ал эми палестин тараптан "Жол картасынын" алгачкы этабында эң ириде террорду токтотуу талап кылынган. Ошондой эле палестин бийлиги террордук инфраструктураны жоюу, согушкерлердин колундагы мыйзамсыз курал-жарактарды конфискациялоо багытында натыйжалуу чараларды көрүшү керек. Палестин премьери Махмуд Аббас согушчан топторду, атап айтканда "Хамас", "Исламчыл жихад", "Фатх" уюмдарын ок атышууну токтотууга ынандыра алды. Аталган уюмдар 29-июнда Израил менен үч айга убактылуу элдешүү жарыялаганы белгилүү. Бирок, палестин бийлиги жөөт тарабы ырастагандай террордук инфраструктураны, курал –жаракты конфискациялоо багытында чара көрө элек.
Мындан сырткары эки ортодо "Жол картасы" тынчтык планында каралбаган да талаштуу маселелер бар. Палестин тарап Израилдин түрмөлөрүндөгү 7 миңден ашуун улутташтары түгөл бошотулушун каалайт. Аларды эркиндикке чыгаруу – Израил менен утурумдук элдешүү жарыялаган палестин согушчан топтору койгон талаптардын бири. Израил камактагылардын көпчүлүгү террорчулугу үчүн отурганын айтууда жана Ариэль Шарондун Вашингтондогу визити алдында жөөттөргө кол салууга тиешеси жок 540 палестинди абактан чыгаруу чечимин кабыл алды. Алардын арасында "Хамас", "Исламчыл Жихад" "ФАТХ" уюмдарынын төрт жүздөн ашуун мүчөсү бар. Вашингтон Тель-Авивдин мындай чечимин кубаттады.
Талаш жараткан маселелердин дагы бир олуттуусу - Израил менен Иордандын Батыш жээгиндеги палестин аймактарын бөлгөн дубалдын курулушу. Израил дубал өз коопсуздугун сактоо, өлкө аймагына экстремисттердин кирүүсүн алдын алуу үчүн керек деп эсептейт. Ал эми палестин тарап дубалдын курулушуна каршы болууда.Маселе премьери Махмуд Аббас менен АКШ президенти Жорж Буштун өткөн аптада жолугушуусунда көтөрүлүп, Буш дубалдын курулушун "Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жолтоо болгон проблемалардын бири", - деп атаган эле. Андыктан, ушул эле маселе Буш менен Шарондун шейшембидеги сүйлөшүүлөрүндө да талкууланды. Жөөт премьери Ариэль Шарондун сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, Израил дубалды курууну уланатат, бирок ошол эле учурда анын палестиндердин күндөлүк турмуш - тиричилигине тийчи таасирин азайтууга колдон келишинче аракеттенет. Палестин маалымат министри Набил Амр жөөт өкмөтүнүн мындай билдирүүсүн терс көрүнүш катары баалады.