Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Жалалабаддагы сот улантылууда


ЖАЛАЛАБАД. Сотто ушул жылдын 15-майдагы окуя жана Сузак райондук сотунан өткөрүлүп алынган Нежми Акёлдун 25 миң АКШ доллары менен 90 миң сомун тоногондугу жөнүндө иш боюнча бир нече күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду. «Атлас Коттон ЛТД» ишкана башчысы Нежми Акёл эгер кылмышкерлер табылбаса Кыргыз-түрк мамилесине жарака салуу менен чет элдик жардамдын Кыргызстанга келүүсүнө бөгөт болоорун эскерткен. Ал иш боюнча үч соттолуучу 21-май күнү Сузак аймагындагы жолго чыкпагандыгын жана жалган жалаа боюнча бир жылдай мыйзамсыз кармалганын ырасташты. Эки ишке тең катышы бар деп эсептелген Адыл Каримов жанындагы ак-караны ылгай элек сегиз бала менен бийликти алуу мүмкүн эместигин эскертти. Тергөөнүн туура эмес жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, өлкөдөгү жумушсуздук менен жакырчылык жана мыйзамсыздык соңку чечимге барууга мажбур кылганын айтты. Жабырлануучу ички иштер адистери болсо соттолуучуларга карата мыйзамдагыдай жаза чектөөнү сунуш кылышты.

XS
SM
MD
LG