Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

«Камеко» компаниясынын «Кумтөр» долбоорун реструктурлаштыруу сунушун Кыргызстан кабыл албады


БИШКЕК. «Канаданын «Камеко» компаниясынын «Кумтөр» долбоорун реструктуралаштыруу сунушун Кыргызстан кабыл алган жок», деп билдирди 31-июлдагы өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев. «Өкмөттүк комиссия «Камеконун» жана «Кумтөр Голд компанинин» «Кумтөр» долбоорун реструктуралаштыруу сунушун карап көрүп, жыйынтыгын чыгарып берди. «Камеконун» мындай сунушун биз кабыл албайбыз»,-- деди Николай Танаев. Өкмөт башчынын айтымында, «Камеконун» сунушуна жооп катары президент Аскар Акаевдин жана «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Камчыбек Кудайбергеновдун колдору коюлган ырасмий кат «Камеконун» жетекчилигине жолдонду. Николай Танаевдин кошумчалаганына караганда, анткен менен «Кумтөрдүн» активдерин аныктоо боюнча иштер улантыла берет. Дүйнөдөгү ири 10 кендин бири болгон «Кумтөр» кенин реструктурлаштыруу сунушу менен Канаданын «Камеко» компаниясы өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз өкмөтүнө кайрылган. Каржы министрлигинин эсебинде, анын акысына канадалыктар 57,6 млн. доллар, «Кыргызалтындын» эсебинде, 170 млн. доллар берүүгө ниеттенген. Кен казылгандан бери Кыргызстан 52 млн. доллар пайда тапкан.

XS
SM
MD
LG