Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Австриянын атуулу канат жасап учту


Австриянын атуулу Феликс Баумгартнер графиттен жасалган канат менен Ла-Манш кысыгынын үстүнөн учуп өттү. Ал Британиянын Дувр шаарынын аймагында 900 миң метр бийиктикте бараткан самолеттон секирип чыгып, 34 чакырым аралыкты 14 мүнөттүн ичинде учуп өттү. Анан Франциянын Кале шаарынын жанынан парашютун ачып, жерге түштү. Мурун механик болуп иштеген жана мотоциклди жакшы айдаган Феликс Баумгартнер жерге түшкөндөн кийин мотору жок канат менен учуу өтө кызык болгондугун, бирок аябай үшүп кеткендигин билдирди.


Бүбүкан Досалиева, Прага

XS
SM
MD
LG