Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

ЙОШИКО ЯМАНАКА: «КЫРГЫЗ ЭЛИ ДА ЖАПОНДОРДОЙ БОЛУП ЖЕРДИ МАЙНАПТУУ ПАЙДАЛАНУУГА ҮЙРӨНӨӨРҮНӨ ИШЕНЕМ»


Кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен Жапониянын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги Ысыккөл аймагынын өнүгүшүнүн башкы схемасын иштеп чыгууга киришти. 14-июлда кыргыз өкмөтү менен жапон өкмөтү аткарылуучу жумуштардын көлөмүн аныктап, иш планын такташты. Жапондор Ысыккөлдүн кайталангыс жаратылышын сактап калуу менен бирге, «Келечекте аймак кандай өнүгүүгө тийиш?» деген суроого жооп издешмекчи. Жапониянын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Йошико Яманака мырза биз менен ушулар туурасында ой бөлүштү.

- Йошико мырза, Ысыккөл аймагынын өнүгүшүнүн схемасы дейбизби, долбоору дейбизби, сиз өкүлү болгон Жапониянын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги аны түзүүнү колго алып жаткан экен. Ысыккөлдүн келечекте өнүгүшүн эмнеге таянып, кандай иликтеп чыгасыздар? Кепти ушундан баштасаңыз?

- Ысыккөл аймагында абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ысыккөл кен байлыктарга бай. Аларды акыл менен пайдаланса, аймак дүркүрөп өнүгөт эле. Бирок, Ысыккөлдүн өнүгүшүнө азыр көп тоскоолдуктар бар. Ал тоскоолдуктар жерди пайдалануу боюнча мыйзамдарга байланыштуу. Ошондой тоскоолдуктарды жоюу максатында ушул схеманы иштеп чыгууга кириштик. Анын үстүнө, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, чет элдик инвесторлор Ысыккөлдүн жээгине эс алуучу жайларды кура башташты. Бирок, айрым эс алуу жайлары түшкөн жерлерге курулуш түшүрүүгө болбойт эле. Мындан тышкары, мисалы, көлдө сүзгөн кемелер да зыяндуу заттарды чыгарышат. Кыскасы, көп нормалар сакталбай келген. Ушундай кемчиликтерди четтетүү зарыл. Жакында Жапониядан келген делегация кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтты. Президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев долбоорго кызыгып, колдоого алаарын билдиришти.

- Йошико мырза, кыргыз тарап бул долбоорго катышабы? Катышса ага кандай көмөк көрсөтөт?

- Кыргыз өкмөтү менен жолугушууда долбоорду иштеп чыгуу максатында биргелешкен комиссия түзүүнү чечтик. Анын курамына премьер-министрдин өзү, президенттик администрациянын жана министрликтердин, Ысыккөл облусунун өкүлдөрү кирди. Жапон тараптан Жапониянын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү бар. Долбоордун өзү тууралуу айтсам, 2004-жылдын аягына чейин топографиялык карта түзүлөт жана ал электрондук версияда болот. Аны түзүүгө космостон тартылган сүрөттөр да пайдаланылмакчы. Кеткен чыгымдарды жапон өкмөтү көтөрөт. Кыргыз тарап болсо жапондук адистердин иштешине шарт түзүп берип, аларды имарат менен камсыз кылат жана кыргызстандык бийлик өкүлдөрүнүн бул долбоорго байланыштуу кызмат акысын төлөп берүүнү өз мойнуна алмакчы. Негизи, долбоор 2006-жылы аяктайт.

- Сиздин пикириңизде, Ысыккөлдүн өнөр жайы кандай багытта өнүгүшү керек? Аймактын өнүгүшүн аныктоочу негизги багыт туризм болушу үчүн эмне кылуу зарыл?

- Ысыккөлдүн келечеги, өнүгүшү чындыгында эле туризм менен байланыштуу. Калган тармактар да туризм тармагын өнүктүрүп-өстүрүш үчүн иштеши керек. Долбоордо биз Ысыккөлдө туризмдин бутуна турушу үчүн кайсы өнөр жай ишканаларын ишке киргизип, кармап туруш керек экендигин жана кандай тартипте иштээрин аныктамакчыбыз. Долбоордун изилдөө жумуштарын быйыл күзүндө баштоону болжоп жатабыз.

- Йошико мырза, Жапонияда жер алтынга тете бааланаарын, өтө аздектелип баркталаарын билебиз. Менимче, Ысыккөлдүн аймагындагы жерди биз ысырапкорчулук менен пайдаланып жаткандайбыз. Долбоордо жерди майнаптуу пайдалануунун жолдору каралабы?

- Алгач айта кетейин: Жапониянын эли 120 миллиондон ашуун, жери болсо Кыргызстандыкынан эки эсе гана чоң. Ошондуктан, Кыргызстандын элин ушундай кенен жерди майнаптуу пайдаланууну үйрөтөлү деген ойдобуз. Албетте, жерди майнаптуу пайдаланыш үчүн Кыргызстандын салыкка байланыштуу мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ысыккөлдүн өнөр жайын өнүктүрүш үчүн өкмөт бул багыттагы саясатын да кайра карап чыгууга тийиш.

- Экологияга коркунучу бар Кадамжайдагы жана Кумтөрдөгү уулуу заттар сакталып турган жайлар да долбоорду иштеп чыгууда эсепке алынабы?

- Албетте, уулуу заттар көмүлгөн жайлар айлана-чөйрөнү булгабаш үчүн алар жакшы бекемделиши керек. Мен аларга жакшы көңүл бурулат деген ойдомун. Сөзүмдүн аягында айта кетээрим - президент А. Акаев менен премьер-министр Н. Танаев долбоордун маанилүүлүгүн түшүнүштү. Кыргыз эли да биздин ишибиздин алгалашына көмөктөшөт деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG