Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

ӨКМӨТТҮК МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫН ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРУУ ЗАРЫЛБЫ?


Машакбай Рахманкул уулу, Бишкек Массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн 31-июль күнү аяктаган республикалык биринчи конференциясында «өкмөттүк» деп аталган гезит редакцияларын, радиоуктуруу, телекөрсөтүү каражаттарына казынадан каражат берүүнү токтотуп, көз карандысыз маалымат каражаттарына айлантуу маселеси да көтөрүлдү. Бул маселе боюнча конференциянын айрым катышуучуларынын пикирин сурамжылаганда карама-каршы көз караштар айтылды.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев бул маселе боюнча ою төмөнкүчө:

- Мамлекеттик гезиттер жөнүндө акыбалды карасак,биз аларды мамлекеттик” деген статустан ажыратыш керек, “мамлекеттик” деген гезиттердин кереги жок”- деп жылдан-жылга айтып келатабыз.Бирок, биздин урматтуу президентибиз жыл сайын «буларды коргош керек» деп атат.Ага телекомпания да керек экен. Керек болсо анда аларды бириктирип түзүү керек деген ойдомун. Маселен, бардык райондук гезиттерди бириктирип, бир облуста бир эле облустук гезитке айландышы керек. Облустук гезитте ар бир районго бирден бет ачып коюп, беттин жарымын «Өзгөн району», жарымын «Карасуу району» деп койсо болот. Бир бетине болсо облустук масштабдагы материалдарды жарыяласа болот. Ал эми Ошту алсак, өзбек тилиндеги бир, кыргыз тилиндеги бир жана орус тилиндеги бир гезит жетет. Ысыккөлдү алсак – ал жерде орусча бир гезит, кыргызча бир гезит жетет. Талас, Нарын жана башка жерлерде ошондой түзүлүштөгү гезиттер зарыл. Ошондой масштабда алсак жеңилирээк болот эле деген ойдомун. Ушундай болуп кайра түзүлсө райондордо өзүнөн-өзү эле мамлекеттик эмес гезиттер пайда болот.Мамлекеттен акча сурабай эле, бир демөөрчү таап гезиттерди каржыласа болот

Ал эми массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттердин укугун коргоо боюнча коомдук фонддун төрагасы Алишер Токсонбаев мындай максаттын ишке ашаарына күмөн ойдо:

- Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттин карамагынан чыгаруу маселеси, чындыгында, көптөн бери биздин да жүрөгүбүздү өйүп келатат. Анткени, кийинки мезгилдерде маалымат каражаттары Кыргызстанда экиге бөлүнүп, согушуп, кайым айтышуусунун негизги себеби мына ушуга байланыштуу. Бул маселени биз деле колдойбуз. Бирок, азыркы бийлик турганда бул көйгөйдөн арылышыбыз күмөн. Себеби, мамлекет өзүнүн карамагындагы гезиттер аркылуу саясатын жүргүзүп, ал аркылуу массалык маалымат каражаттарынын, айрыкча эркин басылмалардын короосуна таш ыргытып, өзүн-өзү актап турбаса канааттанбайт.

Кыргызстанда иштеп жаткан ондон ашык көз карандысыз телерадиокомпаниялардын бири - Нарындагы «Шаңкай» телерадиокомпаниясынын редактору Айжан Омолдошева өкмөттүк басылмаларга каражат берилбесе эле алардын көз карандысыздыгы камсыз болот деген пикирде:

- Негизи, массалык маалымат каражаттарынын милдети - элге так, туура маалымат жеткирүү. Азыр бизде өкмөттүк басма сөз, радио, телекомпаниялар өкмөттүн нанын жеп, өкмөттөн акча алып аткан соң, алар айрым учурларда туура, ачык айталбай калып атышат. Ал эми өкмөттүк эмес массалык маалымат каражаттары бардык учурда элге туура, так маалыматты жеткирип атат деп ойлойм. Ошон үчүн азыркы өкмөттүк ММКлар өзүн-өзү каржылаганга өтсө абдан эле жакшы болмок.

Кыргызстанда «өкмөттүк» деп аталган гезиттердин олуттуу бөлүгүн облустук басылмалар түзөт. Алардын бири - Жалалабад облустук «Акыйкат» гезитинин башкы редактору Самудин Стамбеков басма сөздүн көз карандысыздыгын каражатка эмес, жоопкерчиликке байланыштырды:

- Азыркы Кыргызстандын шартында гезитти, телекомпанияны өзүн-өзү каржылоого өткөрүп, эркин кое берсек эле акыркы чындыкты ошолор айтат деп эсептеш кыйын.Муну өткөн жылкы Аксы окуяларынын учурунда, ошол «эркин» деп аталган гезит-журналдардын, телерадиоберүүлөрдүн 600 адам катышкан митингдерди 6 миң адам катышты деп, 6-7 миң адам катышкан митингдерди 17 миң деп, көз көрүүнө эле апыртып айткан фактылары күбөлөйт. Ошол эле мезгилде өкмөттүк гезит-журналдарда дагы айып көп. Алар турмушту абдан эле кооз, бир жактуу көрсөтүшөт. Ал эми эркин басмалар болсо тескерисинче, таптакыр эле кара боек менен шыбап көрсөтүшөт. Чындыгында турмуш андай эмес,ортодо калыс, чын турмуш бар. Эркин мамлекет кура турган болгондон кийин калыс болушубуз керек. Азыркы мезгил үчүн калыстык керек.

XS
SM
MD
LG