Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


Француздар англис тилин күнүмдүк турмушта азыраак колдонууну чечишти, тарыхый космостук никелешүү үзгүлтүккө учурады, жакында майыптарды сүйүндүрүүчү жаңы робот пайда болот, даңазалуу жырткыч-балыктын сөөгү табылды, америкалык ырчы президент Бушту сындагандыгы үчүн жазаланды. Мына ушул окуялар жөнүндө бүгүнкү “Кызыктуулар дүйнөсүндө” сөз болмокчу.

Париж менен Вашингтон ортосунда Ирак боюнча болгон араздашуу маалында АКШнын конгрессмендери мурда англис тилинде “френч фрайз” деп аталып келген куурулган картөшкөнү “фриидом фрайз” же “эркиндик картөшкөсү” деп башка аталышка которуп алганда, көпчүлүк “бул - аша чаап кеткендик” деп санаган болушу мүмкүн. Эми болсо француздар мухиттин ары жагындагы эски шеригинен артта калгысы келбей, электрондук почтаны дүйнөгө кеңири тараган англисче “e-mail” аталышында эмес, электрондук чабарман же “courier electronique” деп атамай болушту. Франциянын маданият министрлиги өкмөттүк мекемелерде, расмий кагаздарда, басылмаларда, веб-баракчаларда англисче аталыштын колдонулушуна тыюу салды. Бул - англис сөзүнүн француздардын лексиконуна кеңири сиңип баратышына каршы көрүлгөн алгачкы аракет эмес. Анткен менен француздар мурдагыдай эле апта соңун - “le weekend”ди дүкөндөрдө “шоппинг” соода-сатык кылуу менен өткөрүшүүдө.


Мурдагы берүүбүздө алгачкы космостук никелешүү жөнүндө сөз кылган элек. Эсиңиздерге сала кетейин, ушул тапта эл аралык станцияда кызмат өтөп жаткан россиялык космонавт Юрий Маленченко сүйүктүүсү Екатерина Дмитриева менен космостон телефон аркылуу байланышып, баш кошуу жөнүндө чечкен. Бирок Россиянын космос агенттиги үйлөнүп жаткан кыз-жигит бир аз шашмалык кылып коюшту дейт. Анткени Маленченко Россиянын аба күчтөрүнүн офицери, болочок келин болсо теги орус болгону менен, АКШнын атуулу. Аны тийиштүү текшерүүдөн өткөрүш үчүн бир кыйла убакыт талап кылынат, - дешет Россиянын авиация жана космос агеттигинин өкүлдөрү өкүнүч менен.


Окумуштуулардын жаңы долбоору ишке ашып калса, атайын арабачада - коляскада отурган майыптардын кыймыл-аркеттерине мындан ары кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү. “Нью Саейнтист” (New Scientists) журналынын жазышынча, Швейцария менен Испаниянын илимпоздору кишинин мээсинин буйругун аткарып кыймылга келчү системанын үстүнөн иштеп жатышат. Дөңгөлөктүү робот адамдын солго, оңго, түз деген сыяктуу жөнөкөй көрсөтмөсүн аткарууга жөндөмдүү. Ан үчүн шал кишинин башына элктроддору бар атайын топу кийгизилет. Ошол электроддор аркылуу буйрук мээден компьютерге, андан ары зымсыз байланыш аркылуу роботко жеткирилип турмакчы. Журнал роботту кол менен караганда мээ менен башкаруу эки күндүк машыгуудан кийин алда канча жеңилирээк болоорун жазат.


Германиянын Мөнхенгладбах шаарынан алыс эмес жайгашкан көлдү байырлаган “Куно-жырткыч” деген атка конгон эбегейсиз сом-балыгы өлдү деген божомол пайда болду. Көлдүн айланасындагы бакчада иштеген кызматчы салмагы 35 килограмм, узундугу бир жарым метрге жеткен балыктын каркасын таап алды. Жергиликтүү балыкчылар быйыл Европаны каптаган кургакчылыктын курмандыгы болуп калган балык айтылуу “Куно-жырткыч” болушу мүмкүн дешүүдө. Кунонун даңазасы эки жыл мурун Фолкгарден паркындагы көлчөнүн ичинен суунун үстүнөн секирип, жээкте жүргөн кандекти бүтүндөй бойдон жутуп жиберген окуядан кийин чыккан. Анын күйөрмандары көлдө көп эле башка балык бар экенин айтып, скелет легендарлуу Кунонуку эмес да болушу мүмкүн дешет. Канткен күндө да, Германиянын аймагынан табылган эң чоң балык болуп эсептелген бул сомдун сөөгү Бремен шаарынын музейине жиберилди. Тиешелүү даярдыктан соң, экспонат көрүүчүлөргө тартууланмакчы.


АКШнын Виржиния штатындагы Фредериксбург калаасынын бийликтери Жулия Роуз аттуу обончу-ырчынын шаарда концерт коюуусуна тыюу салды. Мындай чара Роуз президент Бушка сын айткандыгы үчүн көрүлүп жатат. Ырчы айым президенттин Ирак саясатына каршы көз карашын билдирдиби? - дешиңиздер мүмкүн. А балким, ал бюджеттин тартыштыгын сындагандыр? Же болбосо Буштун “өзөктүк” деген сөздү туура айта албай, дайым ката кетригендигинин үстүнөн күлгөндүр? Жок, Жулия Роуз президенттин буту тооктукуна окшош, ал бир аз эт кошушу керек дегендери үчүн төө бастыга алынып жатат. “Мен Бушту жаман же жакшы президент деп сындаган жокмун. Болгону анын арыктыгына күлүп, тамашаладым”, - дейт Роуз.
XS
SM
MD
LG