Жакында биз адамзат тарыхындагы бурулуш учурга күбө болуп калмакчыбыз. Адистердин айтымында, болжолу менен 2007-жылга карай дүйнө калкынын басымдуу бөлүгү калааларда жашап калмакчы. БУУнун Калк бөлүмүнүн жетекчиси Жозеф Чэйми бул жаңылык деле эмес, ошону менен бирге урбанизация процесси адамдын жашоо-турмушуна чоң таасир этээрин белгилейт:
- Бул миң жылдардан бери болуп келаткан көрүнүш. Адам баласы аң уулоо, дыйканчылыкты таштап, бара-бара шаарларга, өзгөчө суу, деңиз боюндагы аймактарга журт которуп келгени маалым.
Чындап эле, мергенчилик менен күн көрүшкөн байыркы көчмөн ата-бабаларыбыз алгач чакан дыйкан топторго уюшула башташкан. Кээ бир учурларда ошол топтор кеңейип отуруп, ар түрдүү адистерге муктаждык пайда боло баштап, аскер, кол өнөрчү, соодагер, башкаруучулардын жаралышына жол ачылган. Калаалар ортосундагы байланыш өөрчүгөн сайын соода, өнөр жай да гүлдөп өнүгө баштаган.
Албетте, дале болсо көчмөндөр менен дыйкандар бар жана алар жакынкы болочокто кала беришет. Бирок 2007-жылы шаарларды байырлаган элдер адамзаттын тарыхында алгачкы ирет дүйнө калкынын басымдуу бөлүгүн түзүп калмакчы. Жозеф Чэйминин ырастоосунда, бул көрүнүш бир эле мезгилде адамдын жашоо тиричилигиндеги революциялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы болуп саналат.
Батыш Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө калктын азайуусу менен катар анын улгайып баратышы байкалууда. БУУнун иликтөөлөрү бул процесс Чыгыш Европа менен Россия Федерациясында деле күчтүү экенин көрсөттү.
Буга карабастан, дүйнө калкы кескин түрдө өсүп баратат:
- Ачык айтып коюш керек: дүйнө элинин саны өсүп жатат. Калктын саны жылына 77 миллион кишиге көбөйүп турат. Адамдардын саны өспөй жатат деген пикир жаңылыштык. Биз дагы көпкө чейин, балким 21-кылымдын аягына чейин көбөйө беребиз.
Анын айтымында, азыр жашап жаткан ар эки кишиге кылым соңунда дагы бир киши кошулат.
- Үстүбүздөгү кылымдын ортосуна чейин дүйнө калкы дагы 3 миллиардга көбөйөт деп болжолдоп жатабыз. Бул абдан чоң көрсөткүч. 95 пайызы өнүгүп келаткан өлкөлөргө таандык. Мисалы, дүйнө калкынын өсүшүнүн 20 пайызы бүгүнкү күндө жалгыз Индияга туура келет.
Бул жаатта кандайдыр бир жоромол кылуу, албетте, өтө кыйын. Кылымдар бою ачарчылык, жут, анын натыйжасында элдердин азайышы жөнүндө айтылып келет. Аймактык ачарчылыктар мурдатан эле санааркатып келет деңизчи, ошол эле мезгилде ашыкча семирип кетүү өнөкөтү да бүгүн медициналык тейлөө тармагында кабыргасынан коюлууда.
БУУнун Калк бөлүмүнүн маалыматтарына таянсак, жаш муундардын санынын кыскарышы жана карыялардын көбөйүшү согуштан кийинки Европада башталып, эми бул процесс Американы көздөй жылып баратат. Азия болсо, анын ичинде Борбор Азия, мындай көрүнүштү башынан таптакыр кечирген жок. Жалпы калктын жылдык өсүшүнүн жарымы дүйнөнүн алты өлкөсү – Индия, Кытай, Пакистан, Нигерия, Бангладеш жана Индонезияга таандык.
Бирок калктын көбөйүүсү качандыр бир күнү токтошу мүмкүн дешет адистер. Бирок буга дагы көп убакыт бар.
- 75-100 жылдан кийин элдин саны 10 миллиардга жетип,
калктын өсүүсү бара-бара азаят деп болжолдоп жатабыз. Бул 2100-жылдын башына туш келиши мүмкүн, - дейт БУУнун Калк бөлүмүнүн жетекчиси Чэйми.