Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Жалалабад облусунда жугуштуу оорулар көбөйүүдө


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

ЖАЛАЛАБАД. Жай айларында облуста былтыркыга караганда эки эсе көп киши ич өткөк оорусуна чалдыкты. Облус боюнча сарык илдетин жугузган 608 адам катталды. Аксы районунда жергиликтүү тургундар ичкелте оорусун жуктурган фактылар далилденди. Бруцеллез оорусу да өзгөчө кооптонуу жаратууда. Анткени, малдан жугуучу бул дарт менен өткөн жылы 171 адам ооруган. Быйыл алардын саны 252 адамга жетти. Облустук санитардык-эпидемиологиялык станция облуста жугуштуу дарттардын көбөйүшүн тазалык эрежелеринин сакталбагандыгынан, сарык менен бруцеллезго каршы эмдөө иштеринин начар жүргүзүлгөнүнөн көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG