Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Аймактык изилдөө институту тилчи-окумуштуу Жапар Шүкүровго байланыштуу «тегерек үстөл» жыйынын өткөрмөк болду


БИШКЕК. Аймактык изилдөө институту 11-августта Кыргызстандагы белгилүү тил таануучу, түрк таануучу жана илим уюштуруучу Жапар Шүкүровго арнап «тегерек үстөл» жыйынын өткөрүүнү болжоп жатат. Жапар Шүкүров - «Орус-кыргыз сөздүгүнүн» 1944-жылдан тартып беш сыйра чыгарылышынын авторлорунун бири. Ал 1947-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун мүчөсү болгон. 1948-49-жылдары «Молдо Кылычтын тили» аттуу илимий изилдөөсү үчүн «улутчул» деген жалаа менен куугунтукка алынган. Эл арасында чыгаан тилчи-окумуштуу, сөз чебери жана уюштуруучу катары таанылган Ж. Шүкүров 1963-жылы 57 жашында каза болгон.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG