Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Израил менен Палестин мамилеси дагы начарлай баштады

Бейшемби күнгө белгиленген Израил жана Палестин өкмөт башчыларынын жолугушуусу болбойт. Маалымат боюнча, Израил мурда белгиленгенге караганда аз палестиндерди абактан бошотушуна байланыштуу Палестин премьер-министр Махмуд Аббас Израил өкмөт башчысы Ариэл Шарон менен бейшембиге белгиленген жолугушууга барбасын билдирди. Израил 350 палестинди 6-августта камактан бошотоорун жарыялаган. Бирок Палестин бийлиги андан көп адам бошотулуш керектигин билдирүүдө. Палестин өкмөтүнүн эсебинде Израил абактарында 6 миң палестин кармалып турат жана алардын баары бошотулууга тийиш. Өз кезегинде Израил палестин бийлигинен террордук уюмдарды жоготууну талап кылууда.
XS
SM
MD
LG