Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Бишкекке Кытайдын аскердик делегациясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын башкы штабынын тышкы байланыштар канцеляриясынын жетекчисинин орун басары, генерал-майор Дян Хун айым жетектеген делегация келди. Ушул эле күнү кытайлык аскер делегациясын Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев кабыл алып, эки тараптуу алакалардын айланасында ой бөлүштү. Делегация мүчөлөрү мындан тышкары иш сапарынын учурунда Кыргызстандын Чек ара кызматында, аскер окуу жайында болушуп, кызматташтыктын келечегин талкуулашат. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын кабарына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык 1992, 1996-жылдары кол коюлган макулдашууларынын чегинде уланып келатат. Азыр тараптар аскердик-техникалык багытта, аскер адистерин даярдоо, эл аралык терроризмге каршы күрөш багыттарында кызматташып жатышат. Коргоо министринин орун басары Олег Чечелдин айтымында, Кытай Кыргызстандын аскердик тармагына сентябрда автоунаа жана компьютердик техника жагынан олуттуу жардам бермекчи.

XS
SM
MD
LG