БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан «БИТЕЛ» компаниясынын баш кеңсесинде өрт чыгып, анын кесепетинен беш кабат имараттын бешинчи кабаты толугу менен күйүп кетти. Өрт өчүрүүчү төрт машина өрттү үч сааттын ичинде өчүрүп бүтүштү. Компаниянын башкы директору Мирбек Турдукуловдун айтымында, өрт электр зымдарынын чагылышынан чыккан жана андан тарткан түздөн-түз материалдык чыгым болжол менен 200-250 миң долларды түзөт. Башка чыгымдар эсептеле элек. Мобилдик телефон байланыштарын камсыздоочу «БИТЕЛ» компаниясы Кыргызстанда «КАТЕЛ» компаниясы менен бирге атаандаш иштеп келаткан көрүнүктүү ишканалардын бири.