Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:48

“БИТЕЛ” КОМПАНИЯСЫ ЖАЙГАШКАН ИМАРАТТА ӨРТ ЧЫКТЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек 7-июлда Бишкектин Чүй проспектиси менен Карпинский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бител” компаниясынын баш кеңсесинде өрт чыгып, имараттын 4-кабаты жана чатыры күйүп кеткен. Өрттүн чыгуу себеби жана анын келтирген зыяндары тууралуу компаниянын жетекчилери “АКИ-пресс” маалымат агенттигинде журналисттерге айтып беришти.

Өрт түшкө жакын саат 12лерде башталып, саат 3төрдө өчүрүлгөн. Андан “Бител” компаниясы турган имараттын чатыры жана 4-кабаты күйүп кеткен. Бирок өрт компаниянын мындан аркы ишине тоскоол болбойт.

- Биз “кардарлар тынчсызданбасын” деп эле айтып коёлу дедик. Компания өз ишин уланта берет. Ал мурдагыдай эле толук иштейт. Кызматтардын баары иштешет. Биз аларды оперативдүү түрдө башка имаратка көчүрүп кеттик. Компания ишин токтотпойт. Бул жылга белгиленген инвестициялык пландын баары толугу менен ишке ашат, - деди “Бител” компаниясынын башкы директору Нурбек Турдукулов.

Компаниянын жетекчилеринин айтымында, “Бител” компаниясы жайгашкан имаратта ал компаниядан башка дагы 3 компания - “Сайма-нет”, “Акбата” жана “Тренинг жана консалтинг борбору” ижарада турат. Имаратта 100гө жакын адам иштеп, өрт башталганда алар сыртка чыгып кетишкен. Ошондуктан адамдар өрттөн жабыркаган эмес. Компаниянын жабдуулары төмөнкү кабаттарда болуп, алар да өрт башталаары менен эшикке ташылып кеткен. Компьютерлердин, бухгалтерлик жазуулардын жана архивдик материалдардын дээрлик бардыгы аман-эсен.

- Алдын-ала биз тарткан зыяндын көлөмүн 250 миң доллар деп баалап жатабыз. Имаратта башка компаниялар да болгон. Биз алар канчага зыян болгонун айта албайбыз. Кыйыр түрдөгү тарткан зыяныбыздын масштабын да азыр айта албайбыз, - деди Нурбек Турдукулов. Бул жоготуулар ишкананын финансылык абалына таасир бергени менен, компаниянын жетекчилери “тариф көтөрүлбөйт” деп ишендиришти.

Айрым массалык маалымат каражаттары “өрт болгондо өрт өчүрүүчүлөр кечигип келди” деген маалымат таратышкан болчу. “Бителдин” жетекчилери аны төгүндөштү. Алардын айтымында, өрт өчүргүчтөр өрт чыккан жерге жакын жайгашып, кабар берилээри менен 10 мүнөттүн ичинде жетип келишкен. Алар “имаратка бирөөлөр атайын өрт коюп кетти” деген ойдон алыс.

- Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, өрт имараттын чатырында жүргүзүлгөн электрмонтаждык иштерден улам чыккан. Азыр экспертиза жүрүп жатат. Өрт эмнеден чыкканын кийин гана так айта алабыз. Азырынча биз диверсия, атайын өрт коюп кетүү жана башка сырттан атайын таасир болду деп ойлобойбуз, - деди компаниянын коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Салия Борбиева.

«Бител» компаниясы Кыргызстанда мобилдик байланыш кызматын көрсөткөн ири компаниялардын бири болуп эесептелет. Анын кызматынан азыр 80 миң адам пайдаланат. Ал былтыр 9 млн. доллар, быйыл болсо 4 млн. доллар таза киреше тапкан. Компаниянын жетекчилери имаратты калыбына келтирүү иштери дароо башталаарын, ал Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү белгиленип жаткан 31-августка карата бүтөөрүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG