Чечен республикасынын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул-Керим Арсаханов: «Ушул жылдын күзүнө белгиленген Чеченстан президенттигинин шайлоолоруна 14-15 талапкер көрсөтүлөөрү күтүлүүдө», - деген ою менен бөлүштү. Ал эми ушул саатка карата расмий түрдө президенттикке талапкерлердин саны 11 адамды түзөт.
Алардын ичинде беш негизги талапкердин ысмы алдыдагы шайлоолордун негизги атаандаштары катары келтирилди. Булар: Чеченстан администрациясынын башчысы Ахмад Кадыров, Мамдума депутаты Асламбек Аслаханов, ишкерлер Хусейн Жабраилов менен Малик Сайдуллаев, ошондой эле Орусиянын Жогорку Кеңешинин экс-спикери Руслан Хасбулатов.
Жакында эле чечен жеринде көз карандысыз коомдук пикирди изилдөө уюмдары тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, республика калкынын ичинде Чечен администрациясынын бүгүнкү жетекчиси Ахмад Кадыровго болгон ишеним анча деле жогору эмес. Ага карабастан Кадыров шайлоолордо жеңишти колго ала тургандыгына толугу менен ишенет:
- Мени «Чеченстан республикасынын президенти болуңуз» деп кайрылып жаткан жалпы эле чечен калкына ыраазымын. Биз алдыдагы шайлоолордун демократиялуу өтүшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз шарт. Эгерде шайлоо учурунда ким көз бойомочулуктарды кетирсе, ал шайлоолордон кийин жоопко тартылат.
Негизги беш талапкердин тизмесинде турган Руслан Хасбулатов президенттик шайлоолордо өз талапкердигин койо тургандыгын мурдатан эле айтып келген. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин Хасбулатов расмий түрдө талапкер болуп каттала элек. Чеченстандын шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка ылайык, Хасбулатов азырынча талапкердикке арызын жана тийиштүү документтерди тапшыра элек.
Күзүндө өтүүчү шайлоолорго карата даярдык күчөп турган кезде, Чечен өкмөтү коңшулаш Ингушетиядагы чечен качкындарынын лагерлеринен адамдарды кайра Чеченстанга алып келүү менен алектенүүдө. Айрым укук коргоочу уюмдар жана байкоочулардын пикиринде, бул ишти тездетүү үчүн жасалып жаткан аракет шайлоо учурунда жетиштүү сандагы шайлоочулардын санын, электоратты камсыз кылууга багытталган.
«Human Rights Watch» уюмунун Москвадагы өкүлү Анна Нейстаттын айтымында, «бийлик Ингуштияда качкындар үчүн атайын оор абалды түзүүгө барууда. Бул үчүн миграциялык кызмат качкындарды каттоодон өткөрбөй коюшу мүмкүн, же Чеченстанга мүнөздүү болгон «адамдарды уурдоо» да качкындар лагерлери үчүн кайталануучу көрүнүшкө айланууда. Ошондуктан чатырларда жашашкандар Чечен жериндеги бүгүнкү коркунучка карабастан, кайра үйлөрүнө кайтууга аргасыз болушат», - дейт Нейстат:
- Азыркы учурда Орусия Өкмөтү Чеченстан аймагында коопсуз жашоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондуктан, Ингушетиядагы качкындарды үйлөрүнө кайтаруу - өтө эле эртелетилген аракет деп ойлойбуз.
Бийлик тарабынан ылдамдатылып жаткан бул өңдүү аракеттер, президент Путиндин оюнда, өзүнүн оң натыйжасын бербей койбойт:
- Чеченстандагы абал белгилүү деңгээлде дагы эле оор экендигин түшүнөм, анткен менен алдыдагы чоң күрөшкө эч кимдин кайдыгер калбашына ишенем.
Ошол эле учурда, маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Чеченстанда мунапыс жарыялоо өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылышкан мурдагы жикчилердин саны өсүүдө. Ушул тапка чейин бул өңдүү арыздар менен 125 адам кайрылышып, алардын 112синин арызы канааттандырылды. Андан сырткары, чечен согуштарында үй-жайынан айрылгандарга мүлкүн кайтарып берүү иши октябрдын орто ченинен, республика президенти шайлангандан кийин башталмакчы.