Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

ООГАНСТАНДАГЫ ПУШТУНДАР КАЙРА КУРУУ САЯСАТЫНАН СЫРТТА КАЛУУДА


Бүбүкан Досалиева, Прага Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан эл аралык кризис тобу Ооганстандагы пуштундар өлкөнү кайра калыбына келтирүүгө багытталган чоң саясаттан четте калып калгандыгын тынчсыздануу менен жарыя кылды.

Белгиянын Брюссел шаарында жайгашкан Эл аралык кризис тобу өз иликтөөсүнүн негизинде 36 барактан турган билдирүү даярдаган. Андагы башкы көңүл 20 жылдан ашык ич ара согуштан кыйраган Ооганстанды кайра калыбына келтирүү саясатынын ишке ашырылышы жана ага тоскоол болчу жагдайлардын тамырын табууга багытталган. Эл аралык уюм өкүлдөрү мына ушул максат менен жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнүн негизинде Ооганстандагы калктын ири бөлүгү – пуштундардын чоң саясаттан четте калып жаткандыгын аныктаган.

Эл аралык кризис тобунун Ооганстандагы өкүлү Викрам Парехтин айтымында, буга алгачкы жик 2001-жылы, АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун жардамы менен талибдердин бийлиги кулатылып, өткөөл өкмөт түзүлгөндө кеткен. Өлкөдөгү ич ара согушта бир тарап болгон пуштундарга нааразылыктан улам алардан чыккан саясатчыларды өткөөл өкмөткө киргизбөө ыкласы тымызын жүргөн. Андан тышкары буга Ооганстандагы куралчан топтордун кол башчыларынын, айрыкча пуштун улутундагы кол башчылардын адам укугун одоно бузгандыгы ого бетер жаман ат калтырган. Викрам Парехтин баамында, эгер мындай абал улана берсе 2004 – жылы боло турган парламенттик шайлоодо пуштундардын такыр эле сыртта калуусу ажеп эмес:

- Биз айтып жаткан сунуштар жана сындарыбыз өткөөл мезгилдеги өкмөттүн учурунда пуштундар өзүн кандай сезип жатат деген суроого байланган эмес. Бизди ушундай көрүнүштөрдүн өлкөдөгү башка улуттарга жана топторго тийгизчү начар таасир кандай болот деген маселе түйшөлтүп жатат. Өткөөл мезгилдеги өкмөттү “адистештирүүнү”, башкача айтканда, өкмөттүн өкүлдөрүнүн баары бири-бирине чиркешкен бир жаатты түзбөй, бара-бара өз алдынча партиялар менен фракциялардын өкүлдөрүнөн түзүлүүсүнө жетишүүнү тездетүү керек.

Парехтин ою боюнча, Ооганстандагы бардык калк саясаттан тыш калбасы үчүн азыркы өткөөл өкмөттө орундарды бөлүштүрүү шартка ылайык:

- Өкмөттө алар үчүн атайын орундарды бөлүү зарыл. Ошондо Ооганстандагы бардык улуттардын өкүлдөрү – пуштун же фарс тилинде сүйлөгөн башка улуттар, хазаралар, өзбектер жана башкалар биригип, өздөрүн бир чоң процесстин бир бөлүгү катары сезип калышат. Өкмөттү, коопсуздук кызмат институттарын адистештирүү мына ушундай ишке багыт берет.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай - улуту боюнча пуштун. Бирок, коргоо министрлиги,чалгындоо кызматтары жана эл аралык байланыштарга чыга турган көптөгөн бийлик органдарында тажиктердин Панжширдеги армиясынын «Шура-и назар-и шамали» деп аталган фракциясынын мүчөлөрү басымдуулук кылат. Түндүк альянстын «Жамият-и ислами» аттуу куралдуу тобуна коргоо министри Мохаммад Касим Фахим, тышкы иштер министри Абдулла Абдулла, билим берүү министри Юнус Кануни жана мурдагы ички иштер министри мүчө. Албетте, булардын жогорку бийлик башына келип калышкандыгынын бир жөнү бар. Кабулдан талибдер куулгандан бери ал жердеги коопсуздукту «Шура-и назар» камсыз кылууда. Вашингтон талибдер кеткенден кийин аларды да Кабулдан чыгып кетүүсүн өтүнгөн. Бирок, алар анын баасы абдан кымбат экендигин эскертишип, моюн толгоп коюшкан. Ошондон бери АКШ баштаган эл аралык бейпилдик күчтөр менен Панжширдеги тажик куралдуу топтору өтө жакын ымалада иштешип жатат. Алар өлкөнүн түштүк тарабында калган талибдерди биротоло жок кылуу чараларын жүргүзүшүүдө. Ал жерде көпчүлүктү түзгөн пуштундар талибдерге жан тарткан учурлар да болбой койгон эмес.

Эл аралык кризис тобунун иликтөөсү боюнча, пуштундардын ири саясий өзгөрүүлөрдөн четте калышына дагы бир жагдай башкы себеп болгон. Ал өткөн жайында Ооганстандагы ири жетекчилик кызматка алар самаган адам - Ооганстандын мурунку падышасы Закир Шахтын илинбей калышы. «Өлкө атасы» деген бейрасмий аты бар Закир Шахтын өкмөт башына келишин көптөгөн пуштундар каалап, өздөрү гана эмес өлкөнүн келечек тагдырын аны менен байланыштырып жатышкан. Хамид Карзай мамлекет башчы болуп калгандан кийин көп пуштундардын чоң саясаттан көңүлдөрү калып, көксөөлөрү сууй түшкөн.

Эл аралык кризис тобу Ооганстандын келечегине залалын тийгизүүчү опурталдуу мындай жагдайды жөнгө салуу үчүн Ооганстанды кайра куруу аракетин баштаган АКШ жана анын өнөктөштөрүнө бир катар сунуштарды киргизди. Анын эң башкысы өткөөл өкмөткө колдоо көрсөтүү менен бирге өлкөдөгү бардык саясий топтордун, фракциялардын жана улуттардын кызыкчылыктарын бирдей эске алуу. Андан кийин эл аралык бейпилдик күчтөрдүн Кабулдан башка жерлерде да кызмат кылуусуна уруксаат алуу жана адам укугу менен аз улут өкүлдөрүнүн укуктарын басмырлоого жол бербөө турат. Эң акырында, Эл аралык кризис тобу дүйнөлүк коомчулукту Ооганстанда эркин жана ачык шайлоо өткөрүүгө кам көрүп, анын натыйжалуу болушуна көмөк кылууга чакырды.

XS
SM
MD
LG