Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Болгарияда өкмөттүк кризис болору күтүлүүдө


Болгариянын премьер-министри өлкөнүн каржы министринин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алуу, же кайра кайтаруу маселесин талкуулаш үчүн кеңеш чогултту. Кеңеш Болгариянын өкмөтүн түзгөн коалициялык топтордун ортосунда жүрүүдө. Каржы министрлиги экономикалык реформаларды жетиштүү жүргүзө албай жатат деп күнөөлөнгөн. Ал эми өз кезегинде министр чечкиндүү реформаларды жүргүзүүдө колдоо таппагандыгы үчүн кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирген. 37 жаштагы каржы министри Милен Велчев Болгария өкмөтүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири жана анын кызматтан кетиши Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору сыяктуу каржы уюмдары менен болгар өкмөтүнүн мамилесинин начарлоосуна алып келиши мүмкүн деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG