Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Сохто кыргыз-өзбек аксакалдары жолугушту


БАТКЕН. «Борбордук Азияга тынчтык» коомдук фондусунун ыктыярдуу элчилер тобу долбоорунун алкагында өткөн жолугушууга Баткен облусунун Кадамжай, Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун аксакалдарынан түзүлгөн топтор, ошондой эле 3 райондун акимдеринин биринчи орунбасарлары катышты. Жыйында чек ара, бажы бекеттеринен эки өлкө атуулдарын өткөрүү, жайыт жана суу маселелер талкууга алынып, бул маселелерди чечүү боюнча ой сунуштар айтылды. Кыргыз тараптан барган өкүлдөр өзбек чек ара жана бажы бекеттеринен өтүүдө кыргыз атуулдары бир топ кыйынчылыктарга тушугуп жатканын белгилешип, мүмкүн болсо чек ара бекеттерин алып салуу, болбосо кыргыз атуулдарына катаал мамилени жасоону токтотууну айтышты. Облус борборлорунда консулдук бөлүм ачуу керектиги да белгиленди. Жыйын соңунда козголгон маселелер боюнча парламент депутаттарына, тышкы иштер министрлерине, Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилерине кайрылуу кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG