Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

«ТАМЧЫ» АЙЫЛЫНДАГЫ САЛТАНАТ


Шейшекан Жаналиева, Каракол Ысыккөл облусунда Тамчы аэропортунун расмий ачылышы болду. Ага президент Аскар Акаев баш болгон расмий бийлик өкүлдөрү, дипломаттар катышышты.

Ысыккөлдөгү эларалык аэропорттун ачылыш аземинде Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев кыскача куттуктоо сөз сүйлөдү. Президент Аскар Акаев аталган аэропорт облустун гана эмес, республиканын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүшүнө тийгизүүчү таасирине, эларалык маанисине кеңири токтолду. Президент аталган аэропортту аба жолдорунун локомотиви деп атады.

- Бүгүнкү салатанаттуу окуяга катышып отуруп быйыл 70 жылдыгы белгилене турган авиация тармагынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирбей коё албайм. Бул Кыргызстандын социалдык экономикалык өнүгүшүндөгү локомотивдердин бири, – деп айтты Аскар Акаев.

Президенттин ишениминде, келечекте бул аймакта ири соода борбору курулуп, аталган аймактын инфраструктурасы жакшырат. Аэропорттун айлана-тегерегиндеги бош жаткан аймактар жашылдандырылып, туристтик кызматтарынын дүйнөлүк деңгээлдерине жетишүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт. Ошондой эле айтылган пикирлерге караганда, аталган аба майданы жылдын бардык мезгилинде күн-түнгө карабай кызмат өтөйт. Азыр ЯК-40, АН-2, АН-3 учактарынын гана конууга мүмкүнчүлүгү болсо, келечекте «ТУ», «БОИНГ» сыяктуу учактардын Ысыккөл аба жолдору каттамдары ачылмакчы. Аскар Акаев куттуктоо сөз сүйлөп жаткан учурда аэропортко ЯК-40 учагы конду.

- Мен элчи Ватанаби мырзага дагы бир ирет ыраазычылык билдирем, быйыл Ысыккөл облусун туристтик жана эс алуучу борбор катары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгыш үчүн Жапон өкмөтү 1 млн. доллар грант бөлдү. Ал план бул жерге эларалык аэропорт курууну эсепке алуу менен ишке ашат жана ал план келечекте Ысыккөлдүн инфракструктурасын жакшыртуу үчүн ондогон, жүздөгөн инвесторлорду тартат деп ойлойм, – деп айтты президент Аскар Акаев.

Ысыккөл эларалык аба майданынын узундугу 2200 метр аянтты ээлейт. Анын курулушуна «Аэронавигация», «Манас» аэропорту акционердик коому жана «Кыргыз аба жолдору» биргелешкен ишканаларынын, ошондой эле эларалык коомдук уюмдарынын, республиканын бир катар министерстрлик, ведомстуктарынын жардамы менен кайра калыбына келтирилди.

«Тамчы» аба майданынын алгачкы курулушу 1987-жылдары башталып, кийин токтоп калган. Бул аба майданы, жергиликтүү бийлик ээлеринин пикирлерине караганда, облустун социалдык-экономикалык өсүшүнө, туризмди өнүктүрүүгө салымы болот. Бирок айрым адамдардын пикирлерине караганда, Ысыккөл аба майданынын келечегине анча ишеним жок.

XS
SM
MD
LG