Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

АБАКАН МУЗЕЙИНДЕГИ КЫРГЫЗ МУРАСТАРЫ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Хакасиянын башкалаасы Абакан шаарындагы борбордук край таануу музейинде байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздарга тиешелүү болгон баалуу экспонаттар арбын.

Тарыхый баалуулуктарды сактоодо гана эмес, тарыхтын тереңиндеги табышмакка айланган көөнө маалыматтардын жандырмагын чечмелөөдө да тарыхый-этнографиялык, археологиялык экспонаттарды кучагына камтыган музейлердин орду баа жеткис. Биз бүгүн учкай маалымат берчү, Хакасиянын борбору Абакан шаарындагы борбордук край таануу музейинин кыргыз тарыхы үчүн пайдалуу экендигине кыргыз-орус тарыхчыларынын чалгындоо экспедициясынын курамындагы илимпоздор таанышып чыккан соң ынанышты. Байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки оомал-төкмөл замандын шарында келе жаткан Улуу көчтүн ар кайсы доордо калган белгилери бар. Ошол жалпы белгилердин ичинде археологиялык казылмалардын жана эл ичинен чогултулган баалуулуктардын басымдуу көпчүлүгүндө байыркы, орто кылымдарда Миңсуу, Саян, Алтай аймактарына туу сайган кыргыздардын белгиси арбын. Мына ушул музейдеги кыргыздарга мүнөздүү жана кыргыз тарыхына багыт болуп берчү экспонаттар жөнүндө тарых илимдеринин доктору, экспедициянын жетекчиси Аблабек Асанканов мындай дейт:

- Бул жерде кыргыздарга тарыхты такташ үчүн өзөк болуп берчү бир катар маалыматтар бар. Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгүнө кыргыздардын из калтырышы сыймыктуу көрүнүш. Кыдыруу учурунда бир канча байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын турмуш-тиричилигине пайдаланган курал-жарак, айыл-чарба шаймандары кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүн көргөзөт. Белгилүү кыргыз вазаларынын бул жерде сакталышы, таш эстеликтердеги эн-тамга белгилер жана башка экспонаттар өзгөчө таасир калтырат.

Бүгүнкүгө чейин ошол Хакасиянын аймагында жашап жаткан кыргыздардын эзелтен бери таберик катары сактап жүргөн буюмдары, орто кылымдарга мүнөздүү кыргыз эн тамгасы басылган кумара тарых тактыгына өбөлгө болоор. Мындан 300 жылга жакын арыдагы кыргыздардын жашоо-тиричилигине үндөшкөн көркөм баалуулуктары жана башка ондогон экспонаттар музейдин төрүндө жалпы тарых катары казкатар тизилип турат. Ушунун өзү эле жамы кыргыз үчүн сыймыктуу маалымат. Ал эми келечектин жарыгы өткөндүн шооласы менен бекемделээрин унтпасак.
XS
SM
MD
LG