Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Австралия Индонезияда Батыш өлкөлөрүнө каршы жаңы терракттар жасалышы мүмкүн экенин эскертти


Австралиянын премьер–министри Жон Хоуварддын айтымында террордук чабуулга Батыш өлкөлөрүнүн Индонезиядагы элчиликтери менен атуулдары кириптер болушу мүмкүн. Ошондой эле террорчулар ракеталарды колдонуп жүргүнчү ташуучу учактарга да кол салат деген кооптонуу бар. Австралиянын алдында Азия-Тынч океан чөлкөмүндө жаңы терракттар жасалышы мүмкүн экенин АКШда эскерткен эле. Жакында Индонезиянын башкалаасы Жакартада болгон жарылуудан 10дон ашуун киши мерт болуп, 150дөй адам жаракат алды. Өлкө бийликтеринин ишениминде жардыруу – "Жемаа исламия" деген жергиликтүү уюмдун колунан келген иш. Бул топ Индонезиянын Бали аралындагы былтыркы терракт үчүн да айыпталган. Анда 200дөн ашуун адам каза тапкан болчу.

XS
SM
MD
LG