Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Ооганстандын өкмөтү эл аралык коопсуздук күчтөрүнө командачылык кылуу милдети НАТОго өтүп жатышын кубаттады


НАТО Ооганстандын башкалаасы Кабулда жайгаштырылган эл аралык коопсуздук күчтөрүнө командачылык кылуу милдетин эртең өткөрүп алат. Соңку алты айдан бери аларды Германия жана Дания биргелешип башкарып келген. Мунун аралыгында Улуттар Уюму кол салуулар уланып жатканына байланыштуу Ооганстандын түштүк провинцияларынын айрым аймактарында өз ишин убактысынча токтотту. Акыркы бир аптанын ичинде эле түштүктөгү Гилменд, Кандагар, Урузган провинцияларында ооган аскерлерине, БУУнун жана чет өлкөлүк гуманитардык уюмдардын кызматкерлерине кеминде төрт ирээт куралдуу кол салуу болгон. Акыркы айларда Ооганстандын түштүк аймактарында талибдер активдешкени байкалууда.

XS
SM
MD
LG