Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

ДЕМКОДЕКСТИН ТАЛКУУСУ, ЖАҢЫ КИТЕПТИН БЕТ АЧААРЫ, КТРдин «ӨҢҮ»


«Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Демократия кодексин «демократия» темасын козгогон реферат катары сыпаттады. «Агым» менен «Аалам» гезити соттошкону калды шекилдүү. Улуттук телекөрсөтүүнүн абалы кандай? Президенттин жубайынын китебинин бет ачаары Чолпонатада чоң салтанат менен өттү. Коркунучтуу жерден жаңы айылга көчүрүлгөндөргө өкмөт кандай жардам көрсөтүүдө?

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн шаң-салтанаты президенттин жубайынын жаңы китебинин бет ачаары, Чолпонатадагы балдарды дарылоочу медициналык комплексти ачуу аземдери аркылуу башталганы шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде кабарланды. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов М. Акаеванын жаңы китебин жаңычылдык катары баалады. «Бул окуя Көкө Теңирдин буйругунан болуп жаткан жокпу?» деген суроо таштаган жазуучу: «Эч качан китептин мындай керемет бет ачаары болгон эмес. Бул китеп ошого татыктуу. Мунун өзү ийгилик, граждандык ийгилик, жетишкендик, новаторлук... Бул китеп – симфония», деген баасын берген. Ал эми президент А.Акаев жубайынын китебин «жаштар окуш керек, демократиялык Кыргызстандын пайдубалынын кантип көтөрүлгөнүн окуп билишет» деген оюн айткан.

Ушул эле гезитте Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун улуттук рухий дөөлөттөр жайындагы пикирине орун берилген. «Эне тилди жерүү элди жеригенге барабар»,- дейт жазуучу.

Көл кылаасындагы шаң-салтанаттар, президент А.Акаевдин жубайынын китебинин бет ачаар аземи, «Алтын балалык» комплексинин ачылышы шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде да чагылдырылды.

«Демократия кодексинин тексти авторлор көтөрмөлөп сыпаттагандай коомдук келишим же макулдашууга деле жакындабайт. Аны эриккенде жазылган трактат же колдон өтөөр кылып чүргөй салган «демократия» темасындагы реферат деп койсо жарашат. Кыскарта айтканда, бул өзү кодекс эмес (кодекс - мыйзам, укуктук жоболордун жыйнагы го), анысынан-мунусунан кошулган сөз чалмакейи болуп калыптыр», деп жазат Демократия кодекси тууралуу Феликс Кулов шейшембидеги «МСН» гезитинде. Феликс Куловдун пикиринде, мыйзам сыйлаган өлкөдө курултай же «тегерек үстөл» жыйыны мамлекеттик проблеманы чече албайт. Демократиялык коопсуздук, аксакалдар жыйыны, байбичелер кеңеши сындуу ашка жүк, башка жүк түзүлүштөрдүн ордуна мамлекет кабыл алган мыйзам иштеши керек.

Финансы полициясы Бишкектеги жашырын кампалардын биринен аткезчилик менен алынып келген сигареттерди тапканын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Болжолдуу эсепке караганда, ууру жол менен келген товардын базар баасы 4 миллион долларды түзөт. Гезиттин маалыматы боюнча, республикада сатылган чылымдардын 70-90% ууру жол менен ташылып келет.

«Агым» гезитинин шейшембидеги санында Мамат Сабыровдун «Алиевге альтернатива жок. Акаевгечи?» деген макаласы жарыяланды. Азери президенти ордун уулуна берүүгө даярдап, Ильхам Алиевди өкмөт башчылыкка дайындашына токтолгон автор: «Кеп Алиев, Каримов, Акаевде, атүгүл азиялык менталитетте эмес. Бийлик табиятында, - деп жазат. - Бийликке дегеле эч ким тойгон эмес». Басылманын жаңы санында жарыяланган макаласында Жолдошбек Зарлыкбеков Демократиялык кодекске кайрылган. «Демкодекс долбоорун акырына чейин чыдап, негизгиси түшүнүп окуп чыгыш кыйын», деп жазат автор. Өзгөндүн Сөгөт айылынан түзгө көчүрүлгөн айылдыктар жаңы жерде кантип жашап атышканы, жер көчкүдөн жапа чеккендерге кандай жардам берилип жатканы Замира Кожобаеванын очеркинде баяндалган.

«Соттошолу деп дарек табышалбай жатабыз», деп жазат Чолпонбек Абыкеев «Аалам» гезитинин шейшембидеги санында. Мелис Эшимкановдун сотко орусча доо арыз жазганына таңданган «Аалам» гезитинин башкы редактору: «Анан эмне болуп «Манасты» жараткан улуу элдин тилинде эмес, «Игордун кошунун» жараткан улуу элдин тилинде соттошушубуз керек, түк түшүнбөйм», деп жазат. Кыргыз телекөрсөтүүсү коррупцияланган бийликтин камчысына айланып калгандыгы Дыйканбек Садык уулунун «КТР өңү «общий домдун» өңүндөй» деген макаласында талдоого алынган. «Телекөрсөтүү бийлик менчигине айланды, - дейт автор. - Азыркы КТР саясий ири өнөктүктөр жана окуялар учурунда карандай эле бийликтин камчысын чапкан жасоол сыяктанып үрпөңдөп чыга калганын көрүп жүрөбүз. «Мамлекеттик цензура жок» делгени менен, креслолук цензура али күчүндө».
XS
SM
MD
LG