Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

АКШ ВИЗА ТИРТИБИН КАТУУЛАНТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ өкмөтүнүн чечими боюнча, 1-августтан тартып Америка Кошмо Штаттарынын визасын алуу тартибии катууланды. Коопсуздук маселелери менен байланыштуу киргизилген бул жаңы эрежеден, бирок, кээ бир эксперттердин айтымында, АКШнын өзүнө зыян тийши мүмкүн.

Жаңы эреже боюнча, америкалык университет-институттарга окууга же жумушка бараткандар виза алуу үчүн, элчиканалардагы адистер менен жолугуп, атайын маектен өтүүгө тийиш. Андан, албетте, виза алуу мөөнөтү бир кыйлага узарат, анткени ар бир адам менен маек өткөрүү үчүн убакыт керек жана андай иштерди бүтүрүү үчүн кошумча кызматкерлер талаптуу. Жаңы окуу жылына бир ай калган мезгилде башталган бул жараян институттарга бир кыйла зыян тийгизээри шексиз, анткени 15-18 аптага уланган семестрдин эки-үч аптасынан калган студенттердин башына бир топ оор иш түшөт. Экинчиден, кээ бир талапкерлер андай маектен өтпөй да калышы мүмкүн жана университеттерге мурдагы пландалган сандан аз студент келип калат.

АКШга бараткан илимий кызматкерлер менен мугалимдер дагы көздөгөн жерине баралбай калып же кечигип келсе, албетте, алардын ишине да бир топ зыян тийет. Америкалык университеттер ассоциациясынын бөлүм башчысы Бэрри Тойвдун айтымында, маселе канчалык оор экенин азырынча толук аңдап билүү кыйын:

- Акыркы чечим чыгаруу азырынча эрте. Азыр август, көпчүлүк университеттерде күзгү семестр ушул айда же сентябрда башталат жана биз канчалык оор маселеге кептелгенибизди дагы кеминде бир айга чейин толук биле албайбыз. Бирок биз мындай деңгээлдеги коопсуздук чаралары эмне үчүн көрүлүп жатканын түшүнөбүз жана жогорку окуу жайларынын кызматкерлери өкмөт менен тыкыз кызматташып, адамдардын чек арадан эркин өтүшүн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу иштери менен чогуу чечүүгө аракеттенет.

Жаңы виза тартибинин кесепети студенттер менен илимий-изилдөө кызматкерлерине гана эмес, калктын башка катмарларына дагы тийиши мүмкүн. Мисал үчүн, дүйнөнүн башка өнүккөн мамлекеттериндегидей эле, АКШдагы бир топ кара жумушту - өлкөгө сырттан мыйзамсыз келген иммигранттар аткарат. Мисал үчүн, өлкөнүн бир топ түштүк штаттарындагы түшүм жыйноо иштерин - Мексика жана башка жакын жайгашкан Латин Америкалык өлкөлөрдөн келгендер бүтүрөт. Алардын бир кыйласы АКШга мыйзамсыз келет, бирок жергиликтүү бийлик ага көз жумат, анткени андай кара жумушка АКШ жарандарын тартыш керек болсо, алардын ден соолугун камсыздандырыш керек жана эмгек акы үчүн кеминде эки эсе көбүрөөк төлөөгө тийиш. Америкага келген андай кызматкерлердин санынын кыскарышы АКШ экономикасына зыян тийгизиши мүмкүн. Экинчи жагынан, АКШга барып акча тапкандар такай өз туугандарына акча салып турат жана кийин өлкөдөн кеткенде дагы акчалуу кетет. Ошондуктан бул жаңы эреже кошуна өлкөлөрдүн экономикасына да таасир этеери шексиз.

Эң негизгиси болсо, Америка Кошмо Штаттары илгертен - эмигранттардын өлкөсү болуп келген жана дүйнөнүн чар тарабынан ага ар башка адистер такай көчүп келип, анын экономикасынын, маданиятынын, илиминин күчүн арттырган. Жана башка мамлекеттердин тургундарын өзүнө тартуу үчүн, өкмөт алардын өлкөгө келишине ар башка жеңилдиктерди түзүп келген. Эми татаалданып жаткан виза тартиби өтө катууланып кетсе, ал - АКШнын дүйнөдөгү эң эркин өлкө деген наамына да шек тийгизиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG