Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШга БАГЫ БАЙЛАНГАН ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА


Үчүнчү жыл катар дүйнөлүк экономиканын өсүүсү солгундап барат жана анын ирделип кетерин ырастаган даана белгилер жок. Бирок, дүйнөлүк экономиканын локомотиви эсептелген Кошмо Штаттарында жана евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн дөө-шаасы Германияда айрым оң жылыштар бар экени байкалат. Ошол эле кезде АКШда жумушсуздук дале бийик деңгээлде калууда.

Үчүнчү жыл катар дүйнөлүк экономиканын өсүүсү солгундап барат жана анын ирделип кетерин ырастаган даана белгилер жок. Бирок, дүйнөлүк экономиканын локомотиви эсептелген Кошмо Штаттарында жана евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн дөө-шаасы Германияда айрым оң жылыштар бар экени байкалат. Ошол эле кезде АКШда жумушсуздук дале бийик деңгээлде калууда.

Introduction:
Август айынын башында АКШ өкмөтү жарыялаган маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында Кошмо Штаттарынын экономикасы 2,4 процентке өскөн. Ички дүң продукциянын өсүүсүнө Ирак согушуна байланышкан аскерий чыгымдар да өз салымын кошкон. Деген менен, бул көрсөткүч Европа өлкөлөрүнүн өсүү ыраатына караганда жана АКШнын мурдакы кварталдардагы өсүүсүнөн бир кыйла жогору.

Бирок жумуш орундарынын саны кыскарууда. Май айында айыл чарба секторунан башка тармактардагы жумуш орундарынын саны 70 миңге, июнь айында дагы 30 миңге кыскарган. Мындай болгону менен, жумушсуздардын жалпы саны июлда июнь айына салыштырмалуу 0,2 процентке кыскарып, 6,2 процентти түздү. Эксперттер жумушсуздуктун кыскарышын адамдардын иш издөөдөөнү токтотуп, эмгек рыногун калтырып кетүүсү менен түшүндүрүшөт.

Ошол эле кезде АКШнын өнөр жайында эмгек өндүрүмдүүлүгү өсүп баратканын белгилей кетүүбүз шарт. Алсак, үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында ички дүң продукциянын өсүүсү бүтүндөй эмгек өндүрүмдүүлүгүнө байланыштуу болду.

Лондондогу “Номура Инвестмент” банкынын талдоочусу Колин Ашер акыркы кездерде менчик ширкеттер капиталды өндүрүшкө көп сала баштаганына көңүл бурат:

- Биринчиден, экинчи кварталда капиталдык чыгымдардын көбөйүүсү, экономикадагы оң жылышты күбөлөйт. Экинчиден, ички дүй продукция жөнүндөгү маалымат соңку кварталда кампалардагы товарлардын кору кыскара баштаганын тастыктайт.

Кампалардагы товардын азайуусу ишканаларды өндүрүштү кеңейтүүгө түртөт.

Европа Союзунун экономикасында дагы аз да болбосо оң жылыштар байкалды. Ушундан улам, евромейкиндикке кирген 12 өлкөнүн экономикасы үстүбүздөгү жылдын аягында баштагы калыбына келе баштайт дейт Париждик эксперт Лауренс Буне айым:

- Эл аралык экономикада алты ай мурда Иракка каршы согуш башталган кездегидей илең-салаң абал жок жана маалыматтар АКШнын экономикасы кайрадан өсө баштай турганын ырастайт. Биз ошондуктан 2003-жылдын аягына барып евромейкиндик бутуна тура баштайт деген ишеничтебиз.

Лауренс Буне айым Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун экономисти.

Германиянын экономикалык изилдөөлөр институту ( IFO) да жакында жетекчи-бизнесмендер арасындагы сурамжылоонун негизинде, мурдакы прогнозуна түзөтүү киргизип, Германиянын экономикасы келерки жылы 1,7 процентке өсөт деп билдирди. Мурда өсүү 1,5 процент болот деп мерчемдеген болчу.

Дагы бир маанилүү индикатор - керектөөчүлөрдүн ишеними жөнүндөгү көрсөткүч да евромейкиндикте салыштырмалуу бийик. Европа борбордук банкы да, көптөгөн сындоолорго жооп кылып, карыз үчүн төлөнчү кайтарымды акыркы сегиз айда 1,25 процентке төмөндөттү. Бул ишканалар менен инвесторлор банктан алчу кредитти арзандатып, экономиканын жандануусун ылдамдатат.

Мындай оң жылыштарга карабай, талдоочулар экономикадагы жалпы жагдайга канааттандырарлык эмес деп баалашат. Анын себебин Лауренс Буне айым мындайча түшүндүрөт:

- Бул кандайдыр бир деңгээлде эл аралык чөйрөгө: АКШ күтүлгөндөй ылдам кубатына кирбегенине жана евромейкиндикте керектөө дымыган абалда турганына байланыштуу. Бул жагдай инвестициянын өсүшүнө өбөлгө түзбөйт.

Евроакчанынын долларга салыштырмалуу кубаттануусу да евромейкиндиктеги өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсүнө кедерги болууда. Анткени, Европа монетардык союзуна кирген өлкөлөрдүн товарларынын баасы кымбаттап, аны сатууга тоскоол болууда.

XS
SM
MD
LG