Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Девид Келлинин иши боюнча Би-Би-Синин журналисти көрсөтмө берди


Эндрю Гиллиган британ коргоо министрлигинин кеңешчиси, маркум Девид Келли менен менен Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары тууралуу чалгын маалыматтары боюнча маектешкен журналист. Ал бүгүн сотто көрсөтмө берген учурунда маркум Девид Келли чын эле ага британ өкмөтү Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү докладга ал жарыяланардан бир апта мурун так эмес маалыматарды кошкону тууралуу айтканынын билдирди. Девид Келли ал бул тууралуу Би-Би-Сиге маалымат берген адам катары мүнөздөлүп жаткан кезинде өз жанын өзү кыйган. Жеймс Келли маалымат булагы болгонун Би-Би-Си ал өлгөндөн кийин гана ырастады. Британ өкмөтү болсо Ирактагы согушту колдоо үчүн анын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү чалгын маалыматтары апыртылган деген айыптоолорду төгүндөп келүүдө.

XS
SM
MD
LG