Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ЖАКЫНДА «ЭНЕСАЙ-БИШКЕК» АВТОЖҮРҮШҮ БАШТАЛАТ


15-августтан 31-августка чейин Орусиянын Красноярск крайынан Бишкек шаарына чейин «Энесей-Бишкек» аттуу автожүрүш уюштурулат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган бул демилгенин башында «Борбор Азия-ТВ» телерадиокомпаниясы турат.

Бул жүрүштүн максаты жөнүндө «Энесай-Бишкек» эл аралык автожүрүшүнүн уюштуруучусу, «Борбор Азия-ТВ» телерадиокомпаниясынын президенти Жээнаалы Камбаралиев мындай деди:

- Тарыхта кыргыздар Батыш Монголияда жаралып, Энесайды мекендеп, андан кийин үч бөлүнүп кеткен экен. Биздин максат - ошол ата-бабаларыбыз мекендеген жерлерди басып келүү. Алар кылымдар бою атчан баскан жерлерин биз эки жумада басып өтүп, ошол жердеги элдердин кыргыздарга окшоштуктарын тартып, изилдеп келсек деген тилек бар. Ошол маршрут боюнча кино тартып келүүгө ниет кылып баратабыз.

Автожүрүш Красноярск шаарынын чет-жакасында жайгашкан Кызылжар деген жерден башталып, анын катышуучулары Тува, Хакасия, Тоолуу Алтай, Батыш Монголиядагы Кыргыз Нур көлүнүн тегереги, Чыгыш Казакстан, Кеген, Түп жана Чолпоната аркылуу Бишкекке 31-августта келишет. 8000 чакырым аралыкка созулган бул жүрүш учурунда 20дан ашык автомашиналардын коопсуздугун сактоо маселелери да коңшу өлкөлөр менен макулдашылып жатат. Бул автожүрүшкө тарыхчылар, журналисттер, кыргыз тарыхына кызыккан атуулдар катышууга мүмкүндүк алышат. Эгерде кимдир-бирөө жеке автомашинасы менен барууга ниет кылса, анда автожүрүшкө катышыш үчүн 1000 доллар мүчөлүк акы төлөшү зарыл. Автоунаасы жок каалоочулар 300 америка долларын төлөп катышса болот. Ошондой эле, автожүрүш учурунда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө карата 2 сааттык даректүү кинотасма тартылат. Жүрүш маалында кыргыз маданий ишмерлери элдик ыр-күүлөрдү тартуулашат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG