Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Ганси авиабазасынын өкүлдөрү айрым журналисттердин жазгандарын жокко чыгарышты


БИШКЕК. Антитеррордук күчтөрдүн Ганси авиабазасынын Кыргызстанда болуу мөөнөтүнүн дагы 3 жылга узартылгандыгы тууралуу маалыматты авиабазанын коомчулук менен иштөө бөлүмү бүгүн төгүнгө чыгарды. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү буга байланыштуу эч кандай билдирүү жасашкан жок. Сөз болуп жаткан маалымат АКШнын Борбордук командачылыгынын командачысы Жон Абизэйд Кыргызстанга келээр алдында чет өлкөлүк бир катар маалымат каражаттары тарабынан жазылган. Жон Абизэйд 11-12-августта Кыргызстанга таанышуу сапары менен келип, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, коргоо министринин штаб башчысы Алик Мамыркулов менен чакан чөйрөдө жолугушуп, Ганси авиабазасында болуп, кайра иш ордуна кайткан. АКШ элчилигинин тараткан маалыматына караганда, америкалык генерал бир нече айдан кийин Кыргызстанга экинчи ирет келип, президент Аскар Акаев, коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушуусу күтүлөт. Ал эми бул жолу Ж.Абизэйд Чолпонатада жүргөн А. Акаев менен телефон аркылуу гана сүйлөштү. Эл аралык антитеррордук коалициянын күчтөрү 2001-жылдын декабрында кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашууларга ылайык «Манас» аба майданына жайгашкан. Алардын ичинен башкы өнөктөш катары АКШ менен Франция алгачкылардан болуп макулдашууга кол коюшкан. Келишимдерге ылайык, тараптардын бири аны токтотуу тууралуу демилге көтөрмөйүнчө ал күчүндө кала берет.

XS
SM
MD
LG