БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Бишкектеги Алатоо аянтын кайра куруу тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык Алатоо аянтындагы Владимир Ильич Лениндин айкели Тарых музейинин артындагы бош аянтчага жылдырылмак болду. Өкмөттүн мындай токтомуна Кыргызстандагы «Коммунисттер» партиясынын өкүлдөрү нааразы болуп жатышат. Бүгүн бул партиянын жетекчиси Абсамат Масалиев баш болгон партия өкүлдөрү өкмөт башчысы Николай Танаев менен жолугушуп, Лениндин айкелин башка жакка которуу өлкөдөгү миңдеген коммунисттерди нааразы кылаарын эскертишти. Абсамат Масалиевдин айтымында, былтыр 22-майда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Бишкек шаарынын Алатоо аянтындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги жөнүндө» деп аталган чакан мыйзам кабыл алган. Ага ылайык Лениндин айкели архитектуралык тарыхый баалуулук катары каралып, мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Коммунисттердин пикиринде, айкелди башка жакка которуу ушул мыйзамды бузуу болуп эсептелет.