- Тепкичтерде жаттык, ошол жерде таң атырдык. Эртең менен жумушка келген чоңдордун баарын күтүп алдык. Ошондон ушул мезгилге чейин, мына түшкө чейин бул жерде органдардын адамдары бизди ары-бери бастырбайт. Керек болсо ушул балдар менен мушташканга чейин бардык.
Натыйжада 13-август күнү түш ченде жүк сактоочу жайдын ээси Аманулла Иминовду алып келишип, бийлик өкүлдөрү, базарчылардын өкүлдөрү үч тарап болуп сүйлөшүү жүргүзүштү. Аманулла Иминов 2 млн. 600 миң сомду толук эмес, анын басымдуу бөлүгүн төлөп берүүгө убада берди. Сумманы минтип азайтуунун себеби бар. Анткени азыраак чыгым болгон бир топ киши чыгашасын өндүрүүнүн артынан түшпөй, кол шилтеп кетип калышкан. Ошондойлорду эсептен чыгарса сумма кыйла азаят. Андан кийин арыздангандардын ар кимиси белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны кечүүгө да туура келет. Бул туурасында жабырланган тараптын өкүлү, комиссиянын төрайымы Үргат Ражапова мындай деди:
- Биз өзүбүз да тынч макулдашышыбыз керек. Мисалы, менин 128 миң сомдук товарым өрттөнгөн. «Ошонун ичинен мынчасына мен ыраазымын» деген ыраазычылык болушу керек. «100% төлөп бересиң» дегенге ыңгайы келбей атат. «100% төлөй албайм» деп атат. Ушерде айтамын: Орусияда жүрүп алып, же үйүндө жатып алып, башында бир жолу келип туруп, анан «менин акчамды бер» деген адамдарга акча жок.
Бул ишти Ош шаардык сотунда эки судья карады. Биринчиси – Токсонбаев мырза. Ал Аманулла Иминов ишеним көрсөтпөгөндүктөн ишти кароодон четтетилген. Ага басым болгондугун жабырлануучу Нуралы Исабаев өз кулагы менен угуптур.
- Токсонбаев негизсиз эле ишти токтотуп койду. Кийин биз судья Токсонбаевге кайрылсак, ал деле мойнуна алды. «Жогору жактан кысым болду, эки таяктын учу мага тийип атат, мен ортодо калдым» дегендей оюн билгизип айтты, - дейт Исабаев.
Экинчи судья - Тамара Темирбаева. Ал эмнегедир Аманулла Иминовго жан тартып иштеген. Кызык жери, ага базарчылар ишеним көрсөтпөй коюшту эле, кабыл алынганы жок. Ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүп, кийин Ош облустук соту да ушундай чечим кабыл алып, создуккандан создугууда. Сот бүтүрбөгөн маселе сүйлөшүү жолу менен бүтчүдөй болуп турганын губернатордун кеңешчиси, Демократиялык коопсуздук кеңешинин мүчөсү Айдар Бакыев жабыр тарткан соодагерлерге мындайча баяндады:
- Аманулла аке да туура түшүндү. Канча адамдар убара болуп атышат, мамлекеттик бийлик да, органдар дагы. Чакырып, ымалага келтирип, Кудай кааласа ушул маселени биз алдыга жылдырабыз, чечебиз. Мен айтпадымбы, убакыт бергиле.
Облустук мамлекеттик акимчиликтин имаратынын астына 12-август күнү топтолгондор 13-август күнү кечке жуук тарашты. Кийинки сүйлөшүү алдыдагы жума күнгө белгиленди. Бирок бул маселе июнь айында дагы губернатордун деңгээлинде талкууланып, прокуратура, сот органдарына кыйла алгылыктуу көрсөтмөлөр берилген. Тилекке каршы, натыйжа болгон жок. Андыктан мындан ары базарчылардын талаптарынын аткарылышына ишенгендер да, ишенбегендер да бар.
- Жөн эле кутулбашына көзүбүз жетип турат. «Жума күнү беребиз сумманы, ошону төлөйм» деп мойнуна алса иш бүтөт. Болбосо биз кайра сотко бара беребиз, - дейт жабырлангандардын бири Нуралы Исабаев.
- Канча жолу убада берип, Куранды кармаган. Бирок бир да жолу өтөсүнө чыккан эмес, - деди дагы бир жабырланган соодагер Жаркын Нарматова.