Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ ИРАКТЫН ӨКМӨТТҮК КЕҢЕШИН КОЛДОДУ


Айданбек Акмат уулу, Прага Бейшемби күнү Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирактын Өкмөттүк кеңешинин түзүлүшүн кубаттаган чечим кабыл алды. Анда Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы ролун күчөтүү жагы да каралган. Бирок бир катар мамлекеттер дагы эле Ирак маселесинде БУУнун ролу жетишсиз бойдон калууда деген пикирде.

Ирак маселеси боюнча Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги жана дүйнөлүк коомчулук арасындагы пикир келишпестиктер азайган жок. Германия, Индия, Франция жана Орусия өңдүү мамлекеттер бул пикир келишпестикти Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы ролун күчөтүү менен чечүү мүмкүн деген позицияда турушат. Бирок ага АКШ баштаган Ирактагы коалициялык күчтөр макул эмес. Вашингтон бир катар мамлекеттерди Иракта коопсуздукту камсыз кылуу ишине тартуу менен, Ирактын өзүндө да жергиликтүү өкмөттү түзүүгө аракет көрүп жатат. Бул багыттагы биринчи кадам катары Ирак өкмөтүнүн кеңешинин түзүлүшү аталууда. Бирок кеңештин чечимине Пол Бремер башында турган Америка админстрациясы вето койо алат. Башкача айтканда акыркы сөздү АКШ айтат.

Бейшембиде Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнүн 14тү жаңы чечимди кубаттап добуш берди. Анын ичинде Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү - Америка, Британия, Франция, Орусия жана Кытай бар. Болгону араб өлкөлөрүнүн ичинен азыркы кезде Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчө - Сирия гана добуш берүүгө катышкан жок. Белгилүү болгондой, араб өлкөлөрү АКШ тарабынан дайындалган Ирактын Өкмөттүк кеңешин таанууга талпынган жери жок. Алар Ирактын калкы тарабынан түз шайланган өкмөттү гана таанырын билдиришүүдө. Кабыл алынган чечимде Ирактын өкмөттүк кеңешин түзүү- өлкөнүн эгемендүүлүгүн көздөй жасалган алгачкы кадам катары бааланды.

Американын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Жон Негропонте да бейшембидеги чечим Ирактын эгемендүүлүгүнүн калыбына келтирилишине карай жасалган мыкты кадам экенин белгилеп, БУУдагы талкуунун жүрүшү тууралуу буларды билдирди:

- Сүйлөшүүлөр Коопсуздук Кеңешинин Ирактагы ролун жаңы деңгээлге көтөрүү жөнүндө болду. Бул Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннандын Ирак боюнча БУУнун ролун күчөтүү тууралуу сунушуна ылайык келет. Ал эми талкуу өз ара түшүнүшүү маанайында жүрдү, -дейт Американын БУУдагы элчиси Жон Негропонте.

Коопсуздук Кеңешинде кабыл алынган жаңы чечимге ылайык, Бириккен улуттар уюму ар кайсы өлкөлөрдүн, уюмдардын өкүлдөрү кирген 300 кишиден турган миссия түзөт. Ал өкүлчүлүк Ирактагы коопсуздук жана аскердик иштерден башка бардык маселелерге катыша алат. Анын ичинде келечекте шайлоо өткөрүү, гуманитардык милдеттерди аткаруу, Ирактын Өкмөттүк кеңеши менен кызматташуу боюнча миссиялар бар. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин тышкы мамилелер боюнча адиси Дэвид Филипс мындай дейт:

- Бириккен улуттар уюму Ирактын Өкмөттүк кеңешине жардам берет. Өзгөчө конституциялык комиссиянын ишине, жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү маселелеринде активдүү көмөктөшөт, -дейт БУУнун адиси. Филипстин ишениминде, Иракта БУУнун ролун бекемдөө - октябрь айына белгиленген Иракты калыбына келтирүү боюнча донорлор жыйынынын ийгиликтүү өтүшүнө да өбөлгө боло алат.

Бирок Франция жаңы резолюцияны колдоп добуш берген менен Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы ролу дале төмөн бойдон калып жатканын сынга алып, Иракты калыбына келтирүүдө БУУга борбордук роль берилмейинче көп мамлекеттер тынчтык орнотуучу күчтөрүн Иракка жиберүүгө жана аларга каражат жагынан жардам берүүгө макул болбоорун билдирди. Франциянын позициясын согушка каршы чыккан Индия менен Германия колдошту.

XS
SM
MD
LG