Токио шаарында бүгүн Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү жыйыны өткөрүлдү, ага алты миңден ашык адам катышып, премьер Дзюнитиро Коидзуми чыгып сүйлөдү. 1945-жылдын 15-августунда Жапония согушта утулгандыгын моюнга алган. Согушта эки миллион 300 миң жапон аскери жана дагы 800 миң карапайым адам курман болгон.