Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

ЛИТВА - ЕВРОПАНЫН “ЭКОНОМИКАЛЫК ЖОЛБОРСУ


Европа Биримдигинин экономикасында Ирландия менен эрегишчү дагы бир “жолборс” өсүп жетилүүдө. Жолборстун аты Литва. Табигый байлыктары чектелүү бул өлкөнүн үстүбүздөгү жылдагы орточо экономикалык өсүшү 7%га жакын, ал эми келээрки жылы 6%дан кем болбойт деп күтүлүүдө. Литванын экономикалык ийгилигинин сыры эмнеде?

Талдоочулардын айтымында, Европа Биримдигинде келээрки жылы Ирландия менен тизгин талаша атаандашчу дагы бир “экономикалык жолборс” пайда болот. Ал мурдакы советтик республика - Литва.

Лондондо жайгашкан өтө кадыр-барктуу “The Economist Intelligence Unit” изилдөө борборунун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылы Литванын орточо экономикалык өсүүсү 7 процентке жакын, келээрки жылы 6 проценттин чегинде болот.

2003-жылдын биринчи квараталында Литванын ички дүң өндүрүшү 9,4 процентке өскөн. Инфляция жокко эсе. Бюджеттин тартыштыгы ички дүң продукциянын 3 процентинен аз.

Мындай жетишкендиктерди баалаган Британиянын “Экономист” журналы өткөн айда Литваны “Балтиканын жолборсу” деп атаган.

Дүйнөлүк экономика таскагынан тайып, Европадагы эң бакубат өлкө-Германиянын экономикасы жер өбөктөп, ал эми Ирландияда ички дүң продукция араң 0,8 процентке өсүп турган чакта, Литванын 9 проценттик арышы жабыла суктанчу көрсөткүч.

Ырас, табигый байлыктары чектелүү Литвадада алиге жумушсуздуктун деңгээли жогору: 10 процентти түзөт. Бирок, соңку кезде өлкөдөгү жумушсуздардын саны азайып барат.

Вильнюс шаарындагы “Ханзабанктын” талдоочусу Видмантас Саферис Литванын экономикалык ийгилигин кредиттин арзандашы жана инвестициянын өсүшү менен байланыштырат:

- Литва үчүн тышкы чөйрөнүн, өзгөчө монетардык жагдайдын өзгөрүүсү пайдалуу болду. Литва арзан кредитке маашыр боло алат. Бул жагдай өлкө экономикасынын өсүүсүнө жардамдашууда.

Экономиканы былгыган абалынан козголтуу үчүн АКШнын Федералдык банкы менен Европанын Борбордук банкы карыздар үчүн төлөнчү борчтун өлчөмүн кескин кыскартышкан. Алардын артынан эле улуттук акчасын еврого чегерген Литва да банктык кредиттин акысын азайткан.

Бул өз кезегинде чет элдик жана жергиликтүү ишкерлердин экономиканы инвестициялоосуна ыңгайлуу шарттарды түзгөн.

“The Economist Intelligence Unit” борборунун эксперти Анна Уолкер айым Литванын экономикасы үчүн евронун кымбатташы жана Мазейкиай мунай иштетүү ишканасына Россиядан кара майдын көп ташылып келе баштаганы да кошумча болду дейт.

Россиянын “Юкос” компаниясы Мазейкиай ишканасын жакында америкалыктардын “Williams International” шаркетинен сатып алган.

Соңку мезгилде Литвадан мунайды Европа өлкөлөрүнө евроакча менен сатуу өскөн. Буга катар, Анна Уолкер белгилегендей, Россиядан мунай доллар менен арзан сатып алынган жана алынууда:

- Арийне, “Юкос” Мазейкиай ишканасын АКШнын ““Williams” компаниясынан сатып алгандан бер, кара майдын туруктуу ташылып калганы алар үчүн пайдалуу болду. Кара май менен туруктуу камсыздоо мунайды экспорттоону жакшыртты. Өткөн жылы экспорт кескин көбөйдү. Ички керектөө да ылдам өстү.

Экспорттун өсүүсү казынага түшкөн салыктын көлөмүн көбөйткөн. Фискалдык органдар да акыркы жылдары салык чогултууну жакшыртып, анын негизинде, бюджеттик тартыштык азайтылган.
Кирешенин өсүшү элдин керектөөсүн жогорулатып, жергиликтүү жана чет элдик инвестициянын өсүшүнө жана өндүрүштүн кенейишине түрткү берген.
Инвестициянын өсүшүнө келээрки жылы Литванын Евросоюзга өтүшү да өбөлгө болгонун айтпай кетүүгө болбойт.

XS
SM
MD
LG