Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

АКШнын электр системасы толук калыбына келтириле элек.


АКШнын эң чоң шаары - Нью-Йорк калаасына бүгүн эртең менен электр жарыгы толук өлчөмдө бериле баштады. Энергетикалык капсалаңга кептелген башка шаарлардын кубат системаларын калыбына келтирүү иштери уланууда. 14-август күнү кечинде белгисиз себептерден электр системасы кыйрандыга учурап, Американын Нью-Йорк, Бостон, Детройт, Кливленд жана Канаданын Оттава, Торонто сыяктуу шаарлары жарыксыз калган жана бардыгы болуп кырсыктан 50 миллионго жакын адам жапа чеккен. Американын төрт штатындагы тогуз өзөктүк реактордун иши токтогон. АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, өлкөнүн электр системасын жаңылантуу керек: "Эмне болгонун биз табабыз жана тийиштүү чара көрөбүз. Бул окуяны эскертүү катары түшүнсө болот, өлкөнүн электр системасы модернизацияланышы керек". АКШ менен Канада - кырсыктын себептерин аныкташ үчүн атайын биргелешкен комиссия түзүштү.

XS
SM
MD
LG