Жардырылган соң өрткө чулганган куур өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук мунай кенин тейлеп, ал жерди Түркиянын Жер ортолук деңиздеги Жейхан порту менен байланыштырат. Киркукта ирак мунайынын 40%га жакыны өндүрүлөрүн эске алганда, аталган куур мунай экспорту үчүн маанилүү түйүн болуп эсептелет.Узундугу 950 чакырым келген мунай кууру жума күнү, 15-августа башкалаа Багдаддан 125 чакырымча түндүк-чыгышта жайгашкан Баиджи деген шаардын тушунан жардырылган.Куур Иракта согуш аяктагандан бери оңдолуп –түзөлүп, бул кырсыктан эки күн мурда эле ишке киргизилген болчу. Ал аркылуу күнүнө экспортко 750 миң баррель мунай чыгаруу белгиленген.Эми жардыруудан улам анын иши кайра токтоду.Куурдун ишин калыбына келтирүү үчүн кеминде эки апта кетээри болжолдонууда. Жергиликтүү бийликтер окуяны саботаж катары баалашты. Ирак полициясынын башчылыгына жаңы дайындалган генерал Ахмед Ибрагимдин айтымында, бул окуянын артында белгилүү партиядан акча алган бузуку күчтөр турат. Ирактагы мунай куурлары Саддам Хусейндин режими кулатылгандан бери биринчи эле жолу диверсиялык кол салууларга кабылып жаткан жери жок. Жардыруулар мурда да бир нече ирет, анын ичинде Ирак – Түркия куурунда да болгон эле.Өлкөнүн мунай министринин милдетин аткаруучу Тамир Гадбандын айтымында, саботаждын айынан экспортко күнүнө 250 миң баррель мунай аз кетүүдө, бул Ирак күнүнө алты миллион доллардан ашуун акча жоготууда дегенди туюндурат. Ирактын мунай министринин милдетин аткаруучу Тамир Гадбан:
- Биздин суранычыбыз бул – Ирактагы кызыкдар адамдардын баарынан мунай куурларынын коопсуз иштешин сактоону өтүнөбүз. Себеби ирактыктарга келүүчү пайданын көпчүлүгү ушул жакта.
Мунай куурдун ишинин токтошу менен Ирак күнүнө 7 миллион доллар жоготуп жаткан жекшемби күнү Багдадагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер да билдирди.
Адистердин айтымында, Ирак согушка чейин күнүнө 2,5 миллион баррелдин тегерегинде мунай өндүрүүчү. Март-апрель айларында, уруш жүрүп жаткан кезде мунай экспорту токтогон эле. Саддам Хусейндин режими кулатылгандан бери, Иракты башкарып жаткан коалициялык администрация мунай экспортун калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө. Саддамдын бийлигинин акыркы он жылдан ашуунун Ирак эл аралык санкциялардын алдында жашаганы белгилүү. Бул мезгил аралыгында мунай өнөр жайына инвестиция жумшалбагандыктан андагы жабдуулар менен куурлардын эскилиги жеткен.Тармакка аскерий операциялар учурунда бир аз зыян келди. Согуш аяктагандан бери мунай өнөр жайы талап -тоноолорго туш болду, улам-улам диверсияга кабылып жатат.Коопсуздук проблемалары чечиле электигинен улам Ирактын мунай өндүрүшүнүн көлөмү алдыдагы айларда канчага өсөөрүн айтуу кыйын. Жергиликтүү бийликтер жыл аягына чейин экспорттун өлчөмү күнүнө 2 миллион баррелге чыгат деген ишенимде. Бирок эксперттердин пикиринде бул - өтө эле оптимисттик эсеп.Ирактын реалдуу мүмкүнчүлүгү - экспорттун өлчөмүн жыл аягына чейин 1-1,5 миллион баррелге жеткирүү. Мунай экспорту азыр өлкөнүн түштүгүндөгү кендерден гана ишке ашырылууда.