Маселен, Красная звезда гезитинин жазганына караганда (13.08.2003 Роман Стрешнев – ОДКБ: ОТ ПРОСТОГО - К СЛОЖНОМУ), кыйладан бери “мына-мына ачылат” делип жаткан Канттагы орусиялык аскердик базанын ачылаарына саналуу күн калды. Кыргызстан коргоо министирлигинин басма сөз өкүлү Мирбек Койлуубаевдин аталган гезиттин кабарчысына берген жообуна караганда, «орусиялык аба куралдуу күчтөрүнүн учактарын Кантка жайгаштырууга Бишкек даяр».
Согуштук база Орусиянын куралы менен жабдылса да, ал Коллективдүү Коопсуздук келишим уюму деп аталган жана Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан куралган биримдиктин орток базасы катары каралат.
Мындай уюм – КМШ жаатына сырттан келе турган коркунучтан улам пайда болгон, - деп жазат гезит. Андай коркунучка диний фундаментализм жана региондук, эл аралык террорчулук кирет.
Азыркы тушта АКШ менен НАТО аймактагы өз базаларын узак убакка болжоп түзүп атат. Ошондуктан Маскөө да өз геостратегиялык кызыкчылыгын эске алып, борборазиялык базасын узак убакка болжоп салуусу керек деп айтылат жогорудагы макалада.
Сырттан көз салуучулардын баамында, совет өлкөсү кыйраганда, СССРдин согуштук өнөр жайынын 70 пайызын Орусия ээлеп калган. Ошол себептен азыр ал КМШ өлкөлөрүндө чыгарылчу курал-жарактардын жана согуштук техниканын 40 пайызынан көбүн өндүрөт.
Орус гезиттеринин бетинде талкууга алынып аткан дагы бир маселе – Орусия менен Беларустун жакынкы болочокто рублге өтүүсү маселеси болууда. Эки өлкөнүн эли рублди ушул айдын башынан тартып пайдалана баштамак. Бирок сөздөн ишке өтүү эмес, тек гана тил эмизүү бул маселеде күч болууда. Ошол себептүү президент Путин дүйшөмбү күнү сыналгыдан мындай деди:
- Биз чечим кабыл алууга милдеттүү болгон акыркы чийинге келип калдык, мындан ары аны кечиктирүүгө болбойт.
Маскөө КМШ өлкөлөрүнүн башын тыгызыраак бириктирүү аракетин он жылдан ашуун убактан бери жасап келет. Беларус менен биригүү маселеси - ошонун бири. Бирок, дешет орусиялык серепчилер, бул аракеттен дурус натыйжа чыгаары күмөн санатат.
Коммерсантъ гезитинин жазганына караганда (13.08.2003 Дмитрий Глумсков – АМЕРИКАНЦЫ ОСТАНУТСЯ В КИРГИЗИИ), америкалыктар Кыргызстанда дагы кыйла убакытка калышы күтүлөт.
Макала бул күндөрү Бишкекке келип кеткен Кошмо Штаттардын генералы Жон Абизаиддин иш сапарынын натыйжасын талдоого арналган. Макала автору Биргелешкен коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр өзүнүн согуштук базасын Кыргызстанда түзгөнү жатканда, Бишкектин башка мамлекетке да согуштук база түзүүгө жер бериши жакшы эмес деп кыйытып айтат.
Макаланын дагы бир жеринде Бишкек эл аралык коалициянын аскерлеринин Ганси аскер базасында жайгашуусунан түшүп аткан ижара акы 100 миллион долларга чукулдап барганы да белгиленет. Бул, орусиялык адистер жазгандай, Кыргызстандын экономикасы үчүн олуттуу салым экени түшүнүктүү.