Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Чехия Варшава келишиминин аскерлери өлкөгө басып киргенинин 35 жылдыгын эскерди


1968-жылдын 20-августунан 21не караган түнү Чехословакияга мурдагы СССРдин жетекчилиги астында Варшава келишимине мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин киргизилиши менен "Прага жазы" деп атыккан демократиялык реформалар токтотулган эле. Премьер-министр Владимир Шпидла бүгүн чех радиосунун имаратына келип, гүлчамабар койду. Чех радиосу мындан 35 жыл илгери аскерлердин киргизилишине каршылык көргөзүүнүн символу катары эсептелет. Өз сөзүндө Владимир Шпидла алтымыш сегизинчи жылдын августу узакка созулган оор мезгилдин, ага катар эркиндик үчүн күрөштүн башталышы болгонун белгиледи:

- Бул узак жана оор мезгил экенине карабай, башка баскычтын, эркиндик үчүн күрөштүн башталышы болгон жана ал күрөш 1989-жылдын 17-ноябрына чейин токтогон жок.

XS
SM
MD
LG