Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

ИРАК МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ТАЛКУУЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде эки күндөн бери Ирактагы абал талкууланууда жана байкоочулардын айтымында, жакын арада Америка Кошмо Штаттары бул маселе боюнча жаңы резолюциянын долбоорун сунуштайт. Анткен менен, бардык эксперттердин пикиринде, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштериндеги башкаруучулукту АКШ эч кимге өткөрүп бербейт.

19-август күнү Багдад шаарындагы Бириккен Улуттардын кеңсесинде жардыруу болуп, жыйырмадан ашык адам курман болгондон кийин, уюмдун Коопсуздук Кеңешинде Ирак маселеси жана аны чечүүдөгү Бириккен Улуттардын мааниси кеңири талкуулана баштады. Бир топ дүйнө мамлекеттеринин пикиринде, бул маселе боюнча уюмга кеңири укук берилүүгө тийиш жана Франция менен Индия өкүлдөрүнүн айтымында, антпегенде алар Иракка өз аскерлерин жибербейт. Немис өкүлү Вольфганг Траутвайндын пикири боюнча, Ирактагы бардык саясий маселелер Бириккен Улуттар тарабынан чечилиш керек.

21-августта бул маселени Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан менен АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл талкуулады. Жолугушуудан кийин Пауэлл журналисттерге билдиргенине караганда, кездешүү учурунда Ирактагы башкаруучулукту өзгөртүү боюнча сөз болгон жок жана эки дипломат Бириккен Улуттардын Ирактагы гуманитардык аракеттерин коопсуз кылуу маселелерин талкуулады. Пауэллдин айтымында, өлкө коопсуздугун камсыздоо үчүн Иракка ар башка мамлекеттерден аскер келген жана алардын саны улам көбөйүүдө:

- Биз азыр жаңы резолюция даярдап жатабы. Ага ылайык, дагы жаңы мамлекеттер Иракка өз аскерлерин жибере алат жана америкалык президент бул жараяндагы Бириккен Улуттардын мааниси өтө жогору экенин такай айтып келген. Уюм андай жогору маанидеги ишти азыр деле аткарып жатат. Аны маркум Сержио Виейра ди Мелло да аткарып келген. Азыр биз жаңы резолюциянын текстин даярдап, аны Коопсуздук Кеңешиндеги кесиптештер менен талкуулап жатабыз.

АКШ жетекчилигинин пикиринде, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине канчалык көп мамлекет катышса, маселе ошончолук эл аралык мүнөздө болуп, Иракка каршы башталган согуш дагы дүйнө коомчулугунун биргелешкен ишине айланат. Вашингтон согушту Бириккен Улуттардын чечимисиз баштаган, Алмания жана Франция сыяктуу мамлекеттер болсо ага ачык эле каршы чыккан. Ошондуктан согуштан кийинки Ирактагы бүткүл абалды АКШ өз колуна алды жана Бириккен Улуттар Уюму азыр гуманитардык жардам көрсөтүү иштери менен гана алек. Аннандын айтымында болсо, Бириккен Улуттар Иракка өзүнүн бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү каалабайт, анын жөн гана саясий маселелерди чечүүгө кеңири катышканы жакшы.

19-августтагы жардыруудан курман болгон ди Мелло Бириккен Улуттар Уюмунун Ирак боюнча атайын өкүлү болчу жана анын жигердүү аракеттеринен улам, жергиликтүү калк арасындагы уюмдун кадыр-баркы улам жогорулап бараткан. Ди Меллонун пикиринде, өлкөдөгү бийлик мүмкүн болушунча тезирээк ирактыктардын өздөрүнүн колуна берилиш керек болчу.

Террор аракетин ким даярдап, ишке ашырганы азырынча белгисиз. Америкалык эксперттердин пикиринде, аны мурдагы президент Саддам Хусейндин жактоочулары даярдашы мүмкүн, бирок алар мурда жан кечти аракеттерге барган эмес. Ирактык күрд уюмдарынын жетекчилери Жалал Талабани жана Ахмад Чалабинин пикиринде, терактты исламдык экстремисттер уюштурган болуш керек жана алар азыр Саддамдын жактоочулары менен бириккен. Дагы ар башка экстремисттик жана диний уюмдар аталууда, айрым эксперттердин пикиринде, бул чабуул сырттан да уюштурулушу мүмкүн.

Шейшемби күнү көчөдөн өтүп бараткан "КамАЗ" машинеси кокусунан бурулуп, кеңсени келип сүзүп, жарылып кеткен. Анын айдоочусу да курман болгон, машиненин ичинде болсо мурдагы СССРде өндүрүлгөн 225 килограммдык бомба жана дагы 500 килограммга жакын башка жарылуучу зат болгон.

XS
SM
MD
LG