Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

АКСЫ КУРУЛТАЙЫ, СААВАЛАЙНЕН КАПА, ЭСТЕЛИКТЕР ПАРАДЫ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында Лениндин эстелигинин айланасындагы кеп-сөздөр арбын жарыяланды. Мамлекеттүүлүк мааракеси, Кеминдин Кызылбайрак айылында Атаке баатыр баш болгон аймактан чыккан тарыхый инсандардын эстеликтеринин ачылыш салтанаты өтөрү күн мурунтан айтылууда. Чет жерде мандикер болуп жүргөн кыргызстандыктардын абалы, республика бюджетинин кирешесинен чыгашасынын арбындыгы, экономикада жылыш билинбегени менен той-топурдун көбөйүп баратышы мезгилдүү басылмаларда байма-бай талкууга алынууда.

: Апта соңундагы кыргыз басылмаларында Лениндин эстелигинин айланасындагы кеп-сөздөр арбын жарыяланды. Мамлекеттүүлүк мааракеси, Кеминдин Кызылбайрак айылында Атаке баатыр баш болгон аймактан чыккан тарыхый инсандардын эстеликтеринин ачылыш салтанаты өтөрү күн мурунтан айтылууда. Чет жерде мандикер болуп жүргөн кыргызстандыктардын абалы, республика бюджетинин кирешесинен чыгашасынын арбындыгы, экономикада жылыш билинбегени менен той-топурдун көбөйүп баратышы мезгилдүү басылмаларда байма-бай талкууга алынууда. Бекташ Шамшиевдин басма сөз баяндамасы.

Кыргыз басылмаларында президент А.Акаевдин айылында топ эстелик коюлуп, анда Кеминден чыккан тарыхый инсандардын элеси чегилери көп жазылды. Атаке баатыр сарыбагыштардын бийи. Анын сырттан келген жоого каршы турганын, Орусияга кыргыз элчилерин аттап-тондоп жөнөткөнүн жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Басылмада Кыргызстандын чек ара кызматындагы кадр маселесине арналган макалага да орун берилген. Төрт автордун жазганына ынансак, бир жыл ичинде республиканын чек ара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев ишке көбүнесе мурунку милиция кызматкерлерин алды. Бул аралыкта Оштун чек ара отряды 80% кыскарды. Милициядан чек ара кызматына өткөндөрдүн көпчүлүгү өз милдетин билишпейт. Жүзгө жакын офицер иштен бошотулган.

Аксыдагы курултай башталарга жакын Бишкек-Ош автожолу күндүзү жабылып, түнкүсүн ачыла баштаганын «МСН» гезитинин жума күнкү санында Рина Приживойт жазып чыкты. Аксы окуясынан чоң сабак алган бийлик эми баштагыдай күчкө салбай, нааразы калкты жайкоонун башка жолуна өттү, дейт автор. Жолду тосуунун ыңтайлуу себеби бар, курулуш-оңдоо жумуштары жүрүүүдө.

Кыргызстан тышкы саясатында карманар багытын аныктап алганы оң. Басылманын аскерий баяндамачысы Александр Кимдин «Кайсы жээкке сүзүп өтүү жеңил?» деген аталыштагы макаласында мына ушул маселе талдоого алынат. Орусиянын колун караган «Кант» авиабазасынын ачылышы сентябрга калды. «Манас» абамайданында орун-отурук алган америкалык Ганси атындагы авиабаза өрүшүн кеңейтип, 300 гектирге жакын жерди ижарага алышына караганда океандын ары жагынан келген аскерлердин али-бери кетишке көөнү жок. Орусия менен АКШ террорчулукка каршы биргелешип күрөшүүнү көп айтканы менен стратегиялык жагынан экөө атаандаш бойдон калышкан.

Эларалык валюта фондунун атынан келген миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен бюджетке салык чогултчулардын ишине алымсынбаганы, мурда белгиленген киреше салыгы ойдогудай чогулбастыгы Лариса Ли менен Александра Черныхтын макаласында баяндалган. Бюджеттин чыгаша бөлүгү кирешесинен 800 миллион сомго арбын. Финансы министри топураган той-аштарга бюджеттен болгону 1 миллион сом гана бөлүнгөнүн айтып, калганын сүрөөнчүлөр чөнтөгүнөн чыгарганын кайталоодо. Кыйнаган турмуштун айынан чет жерге барып иштеп, соода жасап, карыз болуп кармалып, акчасын алалбай алдатып жүргөн жүздөгөн кыргызстандыктар Кытайда камоодо жатат. Казакстандын тамекисинде, Орусиянын курулушунда иштеген улутташтарыбыздын саны азайгандын ордуна жыл санап өсүп баратканы Александр Ким менен Юрий Груздовдун «Кыргызстандык кулдар» макаласында баяндалган.

Кыргыз тили кыйын абалга кептелгени, андан чыгуунун бир аргасы жаңы мыйзам кабыл алууга байланышканы апта аягындагы «Заман Кыргызстан» гезитинде жазылды. Жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде республикалык СПИД борборунун жетекчиси Борис Шапиронун маеги жарыяланды. «Жашоонун сергек мүнөзү» китебин кеп кылып,«китепти кыргызча которууда көп мүчүлүштүктөр кеткендигин моюнга алам… Бирок ошол сынчылар «Жашоонун сергек мүнөзү» түздөн-түз мектеп окуучуларына эмес, мугалимдерге арналып жазылган көрсөтмө курал экендигин, мукабанын сыртындагы жазууну байкабай жатышканы түшүнүксүз», - деген пикирин билдирген.

Апта соңундагы «Кыргыз туусунда» Майрам Акаеванын жаңы китебинен үзүндүлөр, «Эркин тоо» гезитинде Алымбай Кызаевдин «Атаке баатыр» тарыхый эссеси, илимпоз Муңдук Мамыровдун кыргыз мамлекеттүүлүгү менен «Манас» эпосу тууралуу макаласы жарыяланды. Өткөндү караманча тануучулук менен аны көкөлөтүү, көбүртүп-жабыртып жиберүү - экөө тең туура эместигине 22-августтагы «В конце недели» апталыгында парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев токтолду.
XS
SM
MD
LG