КАРАКОЛ. 25-август. Аталган иш чарада облустук билим берүү башкармасынын башчысынын милдетин аткаруучу Динара Давлетова 2002-2003-окуу жылынын жыйынтыктары жана жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча баяндама жасады. Айтылган маалыматтарга караганда, облус боюнча 192 мектепке быйылкы окуу жылында 11 миң окуучу тартылат. Бирок химия, тарых, чет тили, информатика сабактары боюнча 360 мугалим, анын ичинде чет тили боюнча 91 адис жетишпейт.