Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

АДАМ УКУГУН КОРГОО БОЮНЧА КЫРГЫЗ КОМИТЕТИНИН ЧЫРЫ УЛАНУУДА


25-августта Бишкекте адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин кезексиз уюштуруу конференциясы болуп, анда комитет төрагасы Рамазан Дырылдаевдин ишмердүүлүгү сынга алынып, ага ишеним көрсөтүлбөй жаңы жетекчилер шайланды.

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин айланасындагы чырлуу окуяга али чекит коюла элек. Себеби, быйыл 11-майда бул комитеттин кезексиз конференциясы болуп, анда комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин жана башкармалыктын финансылык жана башка ишмердүүлүгү боюнча отчету угулган. Ошол конференцияда комитеттин мурдагы кызматкерлери Качкын Булатов, Болот Тыналиев жана Рыскелди Момбековдун аракеттери айыпталып, алардын ишмердүүлүгү комитетти жаманатты кылууга багытталганы айтылган. Конференцияда Рамазан Дырылдаев комитеттин төрагасы болуп кайрадан 5 жылга, о.э. 11 адамдан турган башкармалык шайланган. Башкармалыктын катарына АКШ, Франция жана Австриянын жарандары да кирген. Эми 3 ай өткөндөн кийин бул комитет Кыргызстандын юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтпөгөнү аныктылып, мурдакы кызматкерлер тарабынан май айында өткөн конференция жараксыз деп табылып, алар комитеттин кезексиз отчеттук – кайра шайлоо конференциясын өткөрүштү.

Конференцияга Кыргызстандын бардык аймагынан 47 делегат катышып, комитеттин төрагасы Дырылдаевдин ишмердүүлүгү сынга алынды. Ага ишеним көрсөтүлбөй, жаңы жетекчилик шайланганы билдирилди. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы болуп Болот Тыналиев , орунбасарлыгына Мамасадык Жакышев шайланды.

Конференцияга катышуу үчүн комитеттин бардык мүчөлөрүнө, комитет төрагасы Рамазан Дырылдаевге да чакыруу кат жөнөтүлгөн. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетине жаңы төрага болуп шайланган, мурда Ысыккөл областы боюнча координатор болуп иштеген Болот Тыналиев мындай деди:

- Юстиция министлигинен расмий каттоодон өтүп, ишти жаңыча баштайбыз. Комитетини мүчөлөрү төрага Рамазан Дырылдаевге ишеним көрсөтүшпөй, аны кызматтан алып коюшту. Конференцияга 47 делегат катышты. Эми эларалык уюмдарынын ишениминен чыкпай, так, ачык иштеп, уюмдун кадыр-баркын жогору көтөрөлү деп максат койдук.

«АКИпресс» маалымат агентчилигинде өткөн жыйын Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин мурдакы жана жаңы мүчөлөрүнүн кайым айтышуусу менен коштолду. Комитетинин офис менеджери Дөөлөт Нусупов кезексиз өткөрүлгөн конференция жөнүндө өз оюн мындайча билдирди:

- Булар конференцияны мыйзамсыз өткөрүштү. Конференцияны өткөрүү үчүн башкармалыктын же төраганын чечими керек болчу. Атүгүл төрага да катышкан жок. Комитеттин мурдагы мүчөлөрү бийликтин тукуругу менен Рамазан Дырылдаевди дагы жаманатты кылышып, ушундай аракетти жасашты. Эгерде Дырылдаевдин ишмердүүлүгү жакпаса, анда өз алдынча адам укугун коргоо боюнча комитет же уюм түзүп алышпайт беле. Мындай иш алардын колунан келбейт. Муну мен даяр нерсени тартып алууга болгон мыйзамсыз аракет деп баалайм.

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетине июнда Голландиянын «Хивос» уюмунан аудиторлор келип, комитеттин каржылык ишмердүүлүнгүн текшерип кетишкен. Жаңы шайланган жетекчиликтин айтымында, алар комитеттин төрагасы Р.Дырылдаев тарабынан каржылык тартип бузууларга орун берилгендигин аныктышкан. Бул текшерүүнүн жыйынтыгын жакында расмий түрдө жарыя кылынат. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин жаңы жетекчилери Дырылдаевсиз эле чет өлкөлүк грант берүүчү уюмдар менен иштей алабыз деген ишенимде. А бирок, Рамазан Дырылдаев жана анын кызматташтары мындай пикирлер менен макул эмес.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG