Америкалык конгрессмендердин Кыргызстанда 22-24-августта болгон иш сапарын «АКШ-Азия» фонду уюштурган. Курамына Конгресстин 18 кызматкери кирген делегацияны «АКШ-Азия» фондусунун улук кеңешчиси, «Дженерал-электрик» компаниясынын вице-президенти Роб Уоллес жетектеп келди. Конгрессмендер президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев жана вице-премьер Жоомарт Оторбаев менен жолугушкандан кийин, 25-август күнү эртең менен Кыргызстандан жөнөп кетишти.
Кыргызстандын АКШ жана Канададагы толук ыйгарымдуу элчи Бактыбек Абдрисаевдин айтымында, конгрессмендер Улуу Жибек жолу өткөн мамлекеттердин бири катары Кытай Эл Республикасы менен жакындан таанышууну максат кылышкан жана Кытайдан кайтып келаткан жолдо Кыргызстанда да эки күн болушту.
- АКШ конгрессмендеринин бул - акыркы 6 жылдагы онунчу иш-сапары. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн белгилөө учурунда конгрессмендердин биздин республикага келиши эки мамлекет ортосундагы мамилелердин жакшы өнүгүп жатканынын далили. Мурда АКШ менен биздин мамилебиз демократиялык реформалар, адам укуктарын сактоо жана экономика сыяктуу гана жааттарда түзүлүп келген. Эми болсо биз Кошмо Штаттары менен коопсуздук багытында да кызматташа баштадык. Кыргызстан бул жагынан өз ордун тапты. Биздин көз-караштарыбызды АКШнын бийлиги да колдоого алууда.
Элчинин пикиринде, эки мамлекеттин мамилесинин данакери катары антитеррордук коалициянын «Ганси» атындагы авиабазасы эсептелип келатат:
- АКШнын жогорку мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрүн биздин аймакта жайгашкан база кызыктырды. Алар үчүн бул өтө маанилүү объект.
Бактыбек Абдрисаевдин айтымында, Кыргызстанда бир эле учурда Кошмо Штаттары баштаган антитерррордук коалициянын «Манастагы» авиабазасы да, Орусия баштаган жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Канттагы авиабазасынын да жайгашуусу республиканын жүргүзүп жаткан тышкы саясатынын үзүрүн жана коопсуздукту сактоо ишиндеги ийгиликти далилдеп турат.
Бактыбек Абдрисаев Кыргызстандагы авиабазалар тууралуу мындай пикирин айтты:
- Канттагы авиабаза азыр эле пайда боло калган жок. Ал Кыргызстанга жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында жайгашып жатат. Кант авиабазасынын АКШга эч кандай коркунучу жок. Биз үчүн Кант базасы өзүбүз мүчө болгон регионалдык уюмдун алкагындагы коопсуздукту сактоочу күч. Негизи биз үчүн коопсуздук орчундуу маселе. Анткени, Өзбекстандын ислам кыймылы болобу, «Хизб-ут-Тахрир» уюму болобу же «Аль-Каиданын» калган күчтөрү болобу - алардан коргонуш үчүн биз ар кандай уюмдарды пайдаланышыбыз керек.
Америка Кошмо Штаттарынан Кыргызстанга берилген жардамдардын көлөмү «Ганси» авиабазасы жайгашкандан кийин көбөйгөнү белгилүү. Бирок, ошол эле маалда эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү талаптагыдай деңгээлге жете элек. Мунун себебин Бактыбек Абдрисаев жолдун алыстыгына байланыштырды. Ошол эле маалда Кошмо Штаттары менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу ишин Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер менен биргелешип алдыга жылдырууга аракет жасашы керек. Анткени, Дүйнөлүк соода уюмуна коңшуларына караганда эртелеп өтүп алган Кыргызстан Өзбекстан, Казакстан сыяктуу коңшуларынын экономикалык буктурмасына кабылып келатканы да жашыруун эмес.
Борбор Азия мамлекеттеринин соода-экономикалык алакасы жана анын Кыргызстан-АКШ мамилесине тийгизген таасири жөнүндө Бактыбек Абдрисаевдин пикири мындай:
- АКШнын азыр бул жаатта жүргүзүп жаткан саясаты өтө туура. Анткени, аракет кылып туруп, биздин кошуналар менен бирге регионалдык соода алакаларын жана биргелешкен долбоорлордун ишин күчөтүү зарыл. Кыргызстандын экономикасы ага даяр. Бирок, коңшулар, өзгөчө, түштүк тараптагы кошуналар жардам берип койсо, биздин көп маселелер чечилип калат эле.
Конгрессмендер Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык алаканы жолго салуудагы алгачкы тоскоолдук катары Борбор Азия мамлекеттери ортосундагы ымала-ырктын жоктугун эсептешүүдө.