Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

ЧОҢКЕМИН МЕНЕН ТАЛАСТАГЫ МАЙРАМДАР, АКСЫ КУРУЛТАЙЫ, КЫРГЫЗДЫН БОЛОЧОГУ


Улуттар уюмунун эксперттери кыргыз элин улут катары жок болуп бараткандардын катарына кошкон иликтөөсүн жарыя кылган. Кыргызстанда ушу тапта күтүрөгөн тойлор, республиканын президенти үй-бүлөсүн алып Чоңкеминден чыккандардын эстелик комплексин ачып, Токмок облус борбор болушунун урматына уюшулган азем-сыйларга катышты. Ага улай Таластагы салтанатка күбө болду. Аксыда курултай өттү.

Кыргыздар жоголуп бараткан улуттардын катарына кошулганын Улуттар уюмунун эксперттери ачыкка чыгаргандан бери «менде жан жок», деп жазат Чолпонбек Абыкеев «Аалам» гезитинин шейшембидеги санында. Автордун айтымында, кыргыздардын жоголуп баратышы ириде эне тилин өлтүрүүдөн башталган. «Өзүбүздүн кыргыз тилине болгон ишеним өлүптүр», дейт автор. «Сөз кусурун, сөз касиетин түшүнбөгөндөр элге бирди сүйлөп, иш жүзүндө башканы жасап жойпуланып, кууланып, күнүмдүк кызыкчылыгын ишке ашырганына төбөлөрү көккө жетип акылдуусунуп жүрүшөт, - дейт Ч.Абыкеев. - Жалаң кыргыз тилинин касиетин тепсегендердин кесепетинен кыргыз руху улуттун өзөгүндөгү энергиялык күчтү ойгото албай, жалпы кыргыз эли кыйналып жүрөктөрү кысылып, эмне болуп жатканын түшүнө албай жатышат».

Өткөн ишембиде президент А.Акаев Атаке бий, А.Токомбаев жана Б.Солтоноев, Улуу Атамекендик урушта набыт болгондордун эстелигин ачуу салтанатында сүйлөгөн сөзүн шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити жарыялады. Президенттин айтымында, кыргыз элинин агартуучусу Белек Солтоноевдин 600 беттен турган кол жазмасы өзүнчө китеп болуп чыгат. Президент ошол эле күнү Чүй облус борбору Токмок шаарындагы шаң-салтанаттарга катышты. Эларалык «Мээрим» фондунун жетекчиси Талас облусунда болуп ал жерде жаш таланттардын фестивалын өткөрүп кайтканы да ушул эле гезитте маалымдалат.

«Эркин тоо» гезитинин шейшембидеги санында мамлекеттик тилди камкордукка алуу жөнүндө коомчулук өкүлдөрүнүн бийлик башчыларына кайрылуусу жарыяланды. Анда жаңы мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алууну тездетүү, окуу-тарбия ишинде кыргыз тилин пайдалануу сунуштары айтылган. Гезитте Лениндин эстелигин Бишкектин борбордук аянтынан башка жакка көчүрүлүшүн колдогон инсандардын пикирлерине да орун берилген.

Лениндин эстелиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун өкмөт эми парламентке жөнөтүп жатканын шейшембидеги «МСН» гезити маалымдады. «Биздин өкмөттүн акылы кеч келет», деп жазат Рина Приживойт. Аксыдагы III элдик курултай кандай өткөнү Замир Өсөровдун репортажында баяндалган. «Миллионго жакын кыргыздар, алардын 80% жакыны түштүктөн, Казакстан менен Орусияга – Сибирге кетишти, - деп жазат автор. – Бул жерде иштерге иши жок, бала-чаканы багыш үчүн кетип атышат».

«Куулуп-сүрүлүп отуруп»
III курултай 23-августта атактуу Аксынын Боспиегинде өттү. Бийлик уруксат бербей, «курултай ачык асман алдында өттү», - деп жазат шейшембидеги «Агым» гезитинде Алым Токтомушев. «Уктап бараткан арстанды ойготуп албайлы дештиби, Аксыда курултайга каршы бийлик аракеттери тымызын жасалды», - дейт макала автору. Кызматтан кеткен АКШ президентине көрсөтүлчү сыйургалдар Кыргызстандын биринчи президенти кызматтан кеткенден кийин көрчү мамлекеттик камкордуктардын жанында шоона эшпестиги Алым Токтомушевдин ушул эле гезиттеги экинчи бир макаласында козголгон. АКШдан айырмаланып Кыргызстан экс-президентке кошуп анын үй-бүлөсүн мамлекеттин эсебинен бекер багууга милдеткер.

Аксыда өткөн курултайды «элдик» деп атоо жарабастыгын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде К.Турдубаев деген автор жазып чыкты. Гезиттин жаңы санында Кыргызстандын Демократия кодексин колдогон откликтер менен айрым сунуштардын баяндамасы жарыяланган. Демократия кодексине «Аалам» гезитинин шейшембидеги санында Нургазы Анаркулов үн кошуп, аны «түшүнүксүз, чачыранды» жазма катары сыпаттады.

Шейшембидеги «Республика» гезитинде Замира Сыдыкованын «Аксы – демократия Меккеси» деген макаласы жарыяланды. Автордун маалымдашынча, Аксыда курман болгон жигиттердин энелери депутат Алевтина Проненкого ак элечек кийгизип чоң сый көрсөттү.

Майрамдын урматына кыргыз милициясы күчөтүлгөн режимдеги ишке өтүшкөнүн шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.
XS
SM
MD
LG