Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

ИРАКТАГЫ АБАЛ


Иракта, эксперттер эсептеп чыгышкандай, ар бир эки саатта бирден куралдуу акция болуп турат. Пентагондун маалыматтары боюнча, акыркы кездерде Иракка ар кайсы өлкөлөрдөн террорчулар агылып келе баштады. Дональд Рамсфелд муну оңтойлуу учур деп эсептейт, анткени коалициялык күчтөр дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө алардын артынан сая түшүп убараланбастан, Ирактын өзүндө талкалаганга мүмкүндүк алат.

Дүйшөмбү күнү Багдадда жана Эн-Нажафта шийиттердин аламан демонстрациялары болуп, аларга миңдеген киши катышты. Акцияга чыккандар шийиттердин таасирдүү адыйы,аятолла Мохаммед Саид ал-Хакимге кол салган окуяны айыптап, нааразылык билдиришти.

Такталган маалыматтарга ылайык, белгисиз өчмөнтөйлөр аятолла ал-Хакимдин үйүнө жакын жерге бомба коюп кетишкен экен. Жарылган бомбадан ал-Хаким жеңил жаракат алды, ал эми жанындагы сакчылары менен шоферу мүрт кетишти. Мындан тышкары онго жакын адам жарадар болду. Аятолла ал-Хаким өзү бул ишти эски режимдин тарапкерлери уюштурду деп эсептейт. Баази бир эксперттердин болжолдорунда болсо муну ич ара араздашкан шийиттер өздөрү эле жасаган болушу мүмкүн.

Мусулман шийиттери Ирактагы 24 миллион калктын 60 процентине чукулдап барат. Бирок алардын арасында Ирактын келечегине байланыштуу маселелерде бирдиктүү пикир жок. Өз ара атаандашкан диний лидерлер быйыл апрелде Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан кийин эле ар түрдүү саясий оролго түшүп, ачыктан-ачык араздашканга чейин барышкан. Ошол эле апрелде көп жылдык эмиграциядан Иракка жаңы эле кайтып келген дагы бир көрүнүктүү шийит-молдону Нажафтагы намаз жума маалында жаалданган топ ур токмокко алып,өлтүрүп салган эле.

Диндарлар арасындагы мындай маанай ансыз деле бычак мизинде аласалып турган жалпы өлкөдөгү кырдаалдын кылоосун ого бетер курчутууда. Эксперттердин эсебинде, Иракта азыр ар бир эки саатта бирден куралдуу акция жасалып турат. Коалициянын аскерлери, алардын обьекттери башкы бута бойдон калууда. Мындан тышкары ООНдун гуманитардык миссиялары да акыркы кездери террордук күчтөрдүн активдүү атакасына кабылды. Натыйжада ООНдун Ирактагы атайын өкүлү мерт болду, калкка ар түрдүү багытта гуманитардык көмөк көрсөтүп жаткан миссиялар Багдаддагы жана башка райондордогу персоналдарын кыскарта баштады.

Ушуга байланыштуу ООНдун Коопсуздук Кеңеши жаңы резолюциянын долбоорун даярдап, анда эл аралык уюмдарда иштеген кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүнү пландаштырган эле. Долбоордо, атап айтканда, гуманитардык миссияларга жана алардын кызматкерлерине каршы багытталган террордук аракеттерди аскерий кылмыш катары карап, Эл аралык кылмыш сотунда териштирүү сунуш кылынган. Документке Россия, Болгария, Франция, Сирия жана Германия тең демилгечи болуп, Коопсуздук Кеңешинин кароосуна ырасмий түрдө Мексика киргизди. Долбоор дүйшөмбү күнү атайын талкууга коюлмак, бирок Кошмо Штаттарынын каршылыгына байланыштуу бул ишти кийинки күндөргө калтырганга туура келди. Вашингтон баарыдан мурда Ирактагы айрым окуяларды эл аралык кылмыш сотунда териштирүү сунушун макул таппай жатат. Ушу тапта аталган маселе боюнча Мексика менен активдүү консультация өткөрүүдө.

Бул учурда АКШнын ООНдогу мурдагы элчиси Ричард Холбрук Вашингтондун Ирактагы стратегиясы өтө эле чаржайыт экендигин көрсөтүп,мунун арты америкалык администрациянын тышкы саясатында олуттуу мүчүлүштүккө алып келерин эскертти. Холбрук Ирактагы бейпилдик миссиясын ООНдун амирине өткөрүп берүүнү сунуш кылып, мындай учурда ага бардык өлкөлөр катышканга мүмкүндүк аларын белгиледи. Пентагондун башчысы Рамсфелд болсо Ирактагы операциялар үчүн аскер күчтөрү жетиштүү деп эсептейт. Рамсфелд Иракта азыр коалициялык күчтөргө каршы террорчулар урушуп жаткандыгын моюнга алды. Бирок муну ал оңтойлуу учур деп баалады. Эмнеге дегенде коалициялык күчтөр террористтер менен дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө, анын ичинде Американын өзүндө кармашып, алагды болуп отурбай, алардын негизги бөлүктөрүн Иракта талкалаганга мүмкүндүк алат.

XS
SM
MD
LG