БИШКЕК. 26-август. Тапио Саавалайнен баштаган Эларалык валюта корунун миссиясы премьер-министр Николай Танаев баштаган кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов менен жолугушту. Анда «Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өсүүгө өбөлгө түзүү» деген 3 жылдык программанын аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Эларалык валюта кору тарабынан каржыланган программа 2001-жылдын октябрь айында кабыл алынган. Жолугушууда Тапио Саавалайнен аталган программанын аткарылышына байланыштуу айрым сын пикирлерин айтты. Саавалайнен маалымдагандай, Кыргызстандын бюджети өткөн 6 айдын ичинде чыгаша жагынан да, киреше жагынан да аткарылган жок. Буга байланыштуу өкмөт сентябрь айынын аягына чейин бюджеттин тартыштыгын 440 млн. сомго кыскартышы зарыл. Премьер-министр Танаев бюджет тартыштыгын кыскартуу үчүн социалдык чыгымдарды азайтууга барышарын маалым кылды. Өкмөт башчысы үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыктарына карай абалды оңдой албаган министрлик жетекчилери кызматынан кетерин билдирди.