Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ОШ ОБЛУСУНДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Кожогелди Култегин, Ош 27-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев Ош облусунда иш сапары менен болуп, жазгы каргашалуу жер көчкүдөн улам Сөгөт кыштагынын тургундары көчүрүлгөн Куршаб-1 айылынын ачылыш аземине катышты.

Президент адегенде Карасуу районундагы «Сарыголот, Кыдырша» аттуу калкты таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын ишке киргизилишине күбө болду. Ошентип райондун Акжар, Казакуул, Садырбай кыштактарынын эли эңсеген таза сууга эми кош майрам астында жетишип отурат. Президенттин айтуусу боюнча, бүт Кыргызстан эли ушундай таза суу менен камсыздалса кыргызстандыктардын орто өмүр жашы 10 жылга жакын узарат экен. Демек орто өмүр жаш 75ти чамалайт.

20-апрель күнкү 38 адамдын өмүрүн кыйган Сөгөт кыштагындагы жер көчкү ар бир Кыргызстан атуулунун жүрөгүндө кара так болуп калган чыгаар. Сөгөттүк 51 үй-бүлөгө Куршаб-1 чөлкөмүнөн үй куруу үчүн жер берилгендиги да эстедир. Ошол айылдын ачылыш аземине катышуу менен Президент Аскар Акаев кубаныч, өксүү аралаш узун сабак сөз сүйлөдү:

- Быйылкы жаз өзүнүн катаал шарттары менен элибизге ар кандай оор акыбалдарды пайда кылды. Март, май айларында эле 500 ашык жаңы жер көчкүлөр пайда болуп, анын ичинен 150дөн ашыгы элибизге жана айылдардын инфраструктурасына зор зыянын тийгизди. Республика боюнча ушул убактын ичинде коркунучтуу жайлардан 864 үй-бүлө, анын ичинен Өзгөн району боюнча 180 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келди. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Сөгөт айылында болгон табигый кырсыкты жүрөгүм сыздап кабыл алып, өзүңүздөргө келип жолугуп кеттим эле. Мына Сөгөттөгү жабыр тарткан 13 үй-бүлөгө мамлекет тарабынан курулуш департаменти аркылуу бекер үй курулуп берилмек. Өзүңүздөр көрүп турасыздар, бүгүн баары заңкайган, татынакай, ажайып, кооз өзүнчө үйлөр бүтүп, жаңы шаарча пайда болуптур, бардыгыбыз кубанычта турабыз. Ал эми 38 үй-бүлөгө жеңилдетилген узак мөөнөттөгү ссудаларды алып, курулуш мекемелерди тартып, тургундардын өздөрүнүн күчү менен бүтүрүлөөрү дагы белгиленген. Иштердин баары, Кудай буюрса, пландаштырылгандай жакшы жүрүп атыптыр. Бүгүн жаңы конушта баардык шарты бар жакшынакай долбоор менен бүткөн турак-жайларга ээ болуп отурушуңуздар эң биринчиден сиздердин эрдигиңиздер, урматтуу агайын-туугандар. Ошондуктан мен республиканын жетекчилигинин атынан, эң оболу сиздерге терең ыраазычылык айтып, таазим кылам. Ушундай чоң жумушту биригип өзүңүздөр көтөрүп кеттиңиздер. Рахмат.

Үйлөрү жер астында калып бир дагы буюм-тайымына ээ болбой калган, ал турсун бир нечелеген үй-бүлө мүчөлөрүнөн ажыраган 13 үй-бүлөгө, жогоруда президент айткандай, мамлекет тарабынан бекер үй курулуп бүткөрүлдү. Көрүндүк иретинде мамлекет башчысынын атынан ар бир үйгө бирден телевизор тапшырылды. Ал эми алардын төшөгүнөн баштап, кашык-табагына чейин райондогу мекеме, ишканалар, айыл өкмөттөр камсыздашканын белгилей кетели. Үй ээлеринин эски кайгы, жаңы кубанычтан өзгөчө толкулданып турган учуру. № 3-үйдүн ээси Кадыров Азамга микрофон сундук:

- Мен бардыгына эскертип чыккыла дегем. Тууган арасынан бешөө кетти, апам, эки иним, карындашым, бир инимдин баласы кетти. Бийликтин ушундай каражаттарды кетирип, бизге чоң-чоң үйлөрдү салып бергенине рахмат айтам.

Бирок азыр Куршаб-1 айылында 18 үйдүн чатыры жабыла элек. Бул биринчиден, ссуданын кечигип берилгени. Экинчиден толук берилбей калганы менен түшүндүрүлөт. 200 миң сомдун ордуна бүгүнкү күнгө чейин аларга 150 миң сомдун айланасында гана ссуда таратылган. Андыктан кыш-күрөө капыс кирип келсе карбаластап калбасак экен деп тынчсызданышат. Алардын ишинин аягына чыгышын өкмөт өзү көзөмөлгө алат деп айтылды жыйында. Ушул эле Куршаб кыштагындагы Токтогул атындагы орто мектептин имараты 14 млн. сом жумшалып бүткөрүлгөндүгүн белгилөө менен, ага президент компьютердик класс жабдыгын тапшырды.

Аскар Акаев ошондой эле суу ташкынынан улам көчүрүлгөн Өзгөн районундагы Дюбитель кыштакчасында да болду. Бул жерде курулуп жаткан 25 үйдүн ар бирине ссуда толук түрдө берилген. Андыктан иш азыр кызуу жүрүлүп 16 үй толук курулуп, бүтүүнүн алдында турат.

XS
SM
MD
LG