Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

АЛМАТЫДА ӨНҮККӨН ЖАНА АРТТА КАЛГАН ӨЛКӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНЫ АЧЫЛДЫ


Бейшембиде Алматы шаарында деңизге чыкпаган мамлекеттердин дүйнөлүк базар менен байланышын жакшыртуу маселелерине арналган эл аралык жыйын ачылды. Экономикалык шарттарын жакшыртууга кызыкдар өнүгүп келаткан өлкөлөр арасында Борбордук Азия менен Кавказдагы постсоветтик жумурияттар да бар.

Бейшембиде Алматы шаарында 60тан ашуун өлкөнүн соода жана транспорт министрлери чогулуп, экономикасы начар өнүккөн мамлекеттерди дүйнөлүк базарга чыгаруу жолдорун талкуулай башташты. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, дүйнө жүзүндөгү деңиз жээктебеген өнүгүп келаткан 30 өлкө орто эсеп менен бир жылда экспорттон тапкан каражатынын 15%ын өзүндө өндүрүлгөн товарларды тышка ташып чыгыш үчүн транспорттук чыгымдарга коротот. Башкача айтканда, эксперттердин пикиринде, дал ушул транспорттук чыгымдар өнүгүп келаткан мамлекеттердин экономикалык өсүшүн кеминде 0,7%га азайтат. Мындай өлкөлөрдүн жарымы - Бириккен улуттардын жылдык Адамдык өнүгүү индексинин эң төмөнкү саптарын ээлеген Африкадагы мамлекеттер. Калган бөлүгүн тышкы инвестиция аз салынган жана жалпы экономикалык абалы начар Борбордук Азия менен Кавказ жумурияттары ээлешет.

Армениянын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Николай Сахаков армян өкмөтү бул жыйындан көптү үмүт этип жатканына көңүл бурат:

- Тегерегинин баарын кургак жер каптап, деңизге чыкпаган өлкөлөр географиялык жактан чынында катуу жазаланган, анткени алардын транспорттук чыгымдары адатта өтө жогору болот. Бул эми өндүрүштү өнүктүрүүгө бут тосот, анткени бизден чыккан товардын наркы жогору болуп, башка өлкөлөрдүн товарларына атаандаш боло албай калат.


Анын үстүнө Еревандын коңшулаш Азербайжан жана Түркия менен бүтпөгөн талаш-тартыштары бул эки өлкө менен чек араларын жабык кармоого аргасыз кылгандыктан, мындай кырдаалдан Грузия гана чоң утушка ээ болуп, Армениянын импорт-экспорту катуу жабыр тартып келет. Алматыдагы жыйында сунуш кылынган атайын Программанын долбоорунда Армения өңдүү өлкөлөрдүн Грузиядай эл аралык транспорттук байланыш менен туташкан мамлекеттер ортосундагы кызматташтыгын жакшыртуу, бул маселеге донор-өлкөлөрдүн жана эл аралык финансы уюмдарынын көңүлүн бурдуруу жагдайы камтылган.

"Аракеттер программасы" деп аталган ал документте тегереги кургак жер менен курчалган мамлекеттердин деңизге чыгуу жолдорун жеңилдетүү, азык-түлүк товарларын башка өлкөлөр аркылуу ташып өтүүдө айрым жагымдуу шарттар түзүп берүү жагы да каралган. Ошондой эле деңизге чыкпаган өлкөлөрдүн темир жол, дарыя транспортун, аба каттамдарын өнүктүрүүгө басым жасалган.

Казакстандагы эл аралык жыйынга Бириккен улуттар уюмунун атынан катышып жаткан Харриет Шмидт эгерде бул конференцияда алдын-ала даярдалган долбоорлордун баары кабыл алынып калса, өнүккөн өлкөлөрдөн жардам алуунун дагы бир чоң ресурсу ачылаарын айтат:

- Азыркы тапта донор-өлкөлөр өнүгүп бараткан мамлекеттердин товарларын дүйнөлүк рынокко алып чыгууну жеңилдетүүнүн шарттарын – мыйзамдык, техникалык, жалпы ишке ашыруу жолдорун кылдат изилдеп жатышат. Эгерде булардын баары такталып бүтсө, бай өлкөлөр атайын фонд түзүп калышы да ажеп эмес.


Шмидт айым Алматыдагы жыйынга өз өкүлдөрүн АКШ, Германия, Жапония, Италия, Грекия жана Канада жөнөтүшкөнүн маалымдай кетти. Деңизге чыгууга мүмкүндүгү жок өлкөлөрдүн проблемаларын талкуулаган жыйында баары оңой-олтоң чечиле койбоору алдын-ала маалым болгонсуду. Алматыдагы жыйындын алдында айрым алдыңкы өлкөлөрдүн өкүлдөрү экономикасы начар мамлекеттерде экологиялык кырдаал да опурталдуу болорун белгилеп, алардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу – айлана-чөйрөгө кошумча зыян алып келээрине басым жасашты. Андан сырткары кээ бир деңиз жээктеген өнүгүп келаткан өлкөлөр коңшулаш мамлекетке айрым транспорттук жеңилдиктерди берүүгө каршы чыгаарын эскертишти. Алматыдагы жыйынга катышып жаткан өнүгүп келаткан өлкөлөр арасында Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан бар. Ал эми аларда өндүрүлгөн товарларды ташуу жолунда жайгашкан өткөөл өлкөлөр ичинде Кытай, Грузия, Иран жана Пакистан алдыңкы катарды ээлешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG