Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

МУРАТААЛЫ АЖЫ ЖУМАН УУЛУ: «ХИЗБ УТ-ТАХРИР» САЯСИЙ ПАРТИЯ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 29-августта Бишкектеги Алатоо аянтында Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына жана эгемендиктин 12 жылдыгына карата жума намаз өткөрүлмөкчү. Мусулмандардын дин башкарлыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулу намаздын максаты жана соңку убакта ишин жанданткан «Хизб ут-Тахрир» партиясы тууралуу «Азаттык» радиосуна маек куруп берген.

- Муратаалы ажы, жума намазы Бишкектен тышкары республиканын калган аймактарында да өткөрүлөбү?

- Биссимилда ырахманиир ырахиим. Учурда белгиленип жаткан 2200 жылдыкка жана эгемендик алганыбызга 12 жыл толгонундугуна байланыштуу биз мусулмандар да четте калбастан, майрамдоону максат кылдык. Андыктан, Кудайга кулчулук кылып сыйынуу максатында республикабыздагы 2000ге жакын мечиттерде жума намаз окулат. Ал эми Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары үчүн борборубуздагы Алатоо аянтында жума намаз окуйбуз. Анын максаты эмне? Алла-таала Куранда «Эй, момундар, силер дуба кылгыла, тилек кылгыла, мен аныңарды кабыл кылам» деп айткан. Андыктан, биздин тилек биринчиден, 2200 жылдыгы белгиленип жаткан Кыргыз мамлекеттигине, анын өнүп-өсүшүнө, экинчиси, республиканын эгемендүүлүгүнө арналат. Себеби, эгемендүүлүк ислам динине кенен эркиндик берди. Ошондуктан, мен мусулмандарды жума намазга катышып, тилек кылууга чакырам. Жума намаз 12.30дан 14.00га чейин өтөөрү күтүлүп жатат.

- Муратаалы ажы, соңку убакта бийлик өкүлдөрү «өлкөдө «Хизбут-Тахрир» партиясынын таасири күчөп баратат, мамлекеттин коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө» деген тынчсызданууларын айтышууда. Ислам дини «Хизбут-Тахрир» партиясына кандай карайт?

- «Хизбут-Тахрир» деген бул эмне? «Хизиб» деген сөз «партия» маанисин берет, «тахрир» «боштондук» деген сөз. Мааниси, «боштондукка чыгаруу партиясы». «Хибут-Тахрир» партиясы «Кыргызстандагы мусулмандарды да боштондукка чыгарабыз» дешет. Бул партиянын туура эмес жагы – биз дүйнө жүзүнө халифат орнотобуз дейт. А халифат деген эмне. Пайгамбарыбыз Мухаммет алейки-салам «менден кийин халифат 30 жыл уланат» деди. Андан кийин падышачылык, эмирчилик, султанчылык болуп келатат, бирок халифат боло элек. «Хизбут-Тахрир» өзү түзүлгөндөн бери да бир да жерге халифат орното элек. Ислам куранынан, хадистен алынып элди башкаруу керек деген сөздөргө таптакыр каршы эмеспиз. Бирок, бул жерде саясат туура эмес болуп жатпайбы. Саясат эмне, бул өкмөткө, мыйзамдарга каршы чыгуу. Мамлекеттин атуулу болуп туруп, ага каршы чыгуу. Ислам муну туура көрбөйт. Себеби, Алла-таала Куранда «Силер, Исламдын жибин бекем, чогуу кармагыла, бирок, бөлүнүп кетпегиле» деген. Бул кишилер Курандагы ошол аятка да каршы чыгып, бөлүнүү-жаруу ишин жасап жатат. Кыргызстан мусулмандарына эркиндик 100 пайызга берилген. Кааласак намаз окуп жатабыз, кааласак Мекеге барып, сыйынып келип жатабыз – бул жагынан кысым жасалып, чек коюлбады. Ошондуктан, биз чыныгы мусулмандар «Хизбут-Тахрир» партиясынын иштерин туура эмес деп эсептейбиз. Муфтият «Хизбут-Тахрир» кимдер деген?» үч барактан турган чечим чыгарып, аны жер-жерлерге тараттык. «Хизбут-Тахрир» исламий же мызамый партия эмес, бул – саясий партия. Саясий партия болгон соң мусулманчылыкка, исламга жамынбай эле, өлкөдөгү мыйзам алдында жооп бериши керек. Эгер мыйзам алдында жооп бербесе, Ислам динине ылайык Алла-тааламдын алдына барганда ар ким кылган ишине жараша жооп берет.
XS
SM
MD
LG